Мэрдин отставкасы жана жаңы талапкер тууралуу шаардык кеңештин депутаттары ой бөлүштү

© пресс-служба мэрии города БишкекБишкек шаарынын экс-мэри Кубанычбек Кулматов. Архив
Бишкек шаарынын экс-мэри Кубанычбек Кулматов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фракция лидерлери жапырт Кубанычбек Кулматовдун отставкасы бардыгы үчүн күтүүсүз кадам болгонун айтышты. Бирок экс-мэрдин ишмердүүлүгүнө баа берүүдө эл өкүлдөрү кайчы пикирде экени маалым болду. Депутаттарга кийинки мэрдин талапкерлиги тууралуу да суроо берилди.

БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Кубанычбек Кулматовдун кызматтан кетүү зарылдыгы бар беле жана кийинки шаар башчысы ким болорун Sputnik Кыргызстан агенттигине шаардык кеңештин фракция лидерлери айтып беришти.

Кечээ Кулматовдун кызматтан кетүү боюнча арызына премьер-министр Темир Сариев кол койду. Учурда шаар башчысынын милдетин Айгүл Рыскулова аткарып жатат. Экс-мэрдин алдында жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылып жатканын муниципалитеттин маалымат кызматы билдирүүдө.

Социалдык тармактарда пайдалануучулар бир нече талапкердин атын атап жатканы менен акыркы чечим он-лайн кабыл албай турганы айкын.

Мыйзам боюнча талапкерлерди премьер-министр же шаардык кеңештин фракция лидерлери сунуштайт. Жаңы мэр үчүн 45 депутаттын теңинен көбү колдошу керек. Башкача айтканда, 23 "макул" деген добуш жаңы шаар башчысынын шайланышын шарттайт.

Ар кимдин табити ар кандай…

Кубанычбек Кулматовдун ишмердүүлүгүнө баа берүүдө Бишкек шаардык кеңештин фракция лидерлеринин пикири ар кандай болду.

Эң ири деп эсептелген КСДП фракциясынын (21 депутат) лидери Лев Васильев Кулматовдун ишин жогору баалады.

"Кызматтан кетүүсү күтүүсүз болду, бул тууралуу эч кандай сөз болгон эмес. Жакшы иштеди, менин жеке баамымда терс пикир айтууга себеп жок", — деди Васильев.

"Замандаш-Совеременник" фракциясынын лидери Анарбек Сарымсаков мэрдин ишине бааны бишкектиктер бериши керек деп эсептейт. Анын кесиптеши Таалайбек Айдаралиев отставка бир чети күтүлгөн нерсе болсо, бир жагынан күтүүсүз болгонун айтат.

"Биз аны жылуулук сезону аяктагандан кийин кетет деп ойлогонбуз. Анын үстүнө акыркы мезгилде Кулматовдун ишинде бир топ жылыштар байкалган", — деди ал.

Өз кезегинде "Ата Мекен" фракциясынын лидери Рысбай Аматов мурунку шаар башчысынын ишине начар деген баа берди. Буга шаардыктардын Интернеттеги терс ой-пикири далил. Биринчи кезекте бул карызы 250 миллион сомго жеткен "Тазалык" ишканасына тиешелүү, дейт депутат.

Бишкек мэри Кулматов кайсы аракети үчүн макталып, кайсынысы үчүн кагуу жеген?
"Отставкасы күтүүсүз болду. Анткени быйылкы жылдын бюджети бекитиле элек болчу. Мындан тышкары биз аны таштандыны кайра иштеп чыгаруучу долбоорду ишке ашырат деп ойлогонбуз", — деди Аматов.

Кулматовдун ишине эң төмөнкү бааны "Республика — Ата Журт" фракциясынын лидери Эрнис Докенов берди. Ал негизинен Кулматовду жергиликтүү өзүн өзү башкаруу системасынын кыйрашына күнөөлүү деп эсептеп, "Тазалыктын" кызматтык унааларын айдоочуларга ижарага берип жибергенин белгилейт.

"Чынын айтсам, мен үчүн күтүүсүз болду. Мындай кадамга эрки жетпейт деп ойлочу элем. Шаардын бюджети —-8 миллиард сом. Мындай акчадан ким качмак эле?", — деп сөзүн аяктады Докенов.

Жаңы талапкер

КСДП жана "Замандаш-Современник" фракцияларынын лидерлери азырынча талапкерлер тууралуу эч маалымат жок экенин айтып, бардык процедуралар мыйзам чегинде өтөрүн белгилешти.

"Шаардык кеңештин мурунку төрагасы, азыркы Жогорку Кеңештин депутаты Марат Аманкулов боюнча көп сөз болуп жатат", — деди Аматов.

Бирок оппозиционер Докеновдун айтымында, мэр шайлоодо депутаттардын ролу эч нерсеге арзыбай турганын билдирди.

"Кимди айтса, ошону шайлашат да. Талапкер "жогору жактан" келет, депутаттар бекитип берет. Буга бардык шарттар түзүлгөн: КСДП фракциясы 21 депутаттан турат, ал эми мэр шайлоо үчүн 23 добуш жетиштүү", — деди ал.

Өкмөттүн маалымат кызматы мэрге талапкер тууралуу азырынча талкуу боло электигин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0