Шаар мэрине талапкер Ибраимов: коррупция менен күрөшүүнүн эң жакшы жолу демократия

© Sputnik / Табылды КадырбековБорбор калаанын мэрине талапкер Албек Ибраимов
Борбор калаанын мэрине талапкер Албек Ибраимов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда калаа башчысына талапкер кыргыз тили боюнча экзамен тапшырууда.

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Борбор калаанын мэрине талапкер Албек Ибраимов коррупция менен күрөшүүнүн эң жакшы жолу демократия экенин билдирди. 

© Sputnik / Табылды КадырбековЭкзамен по государственному языку Албека Ибраимова
Экзамен по государственному языку Албека Ибраимова - Sputnik Кыргызстан
Экзамен по государственному языку Албека Ибраимова

Учурда калаа башчысы болууга талапкер Албек Ибраимов кыргыз тилин билүү деңгээлин аныктоочу экзаменден өтүп жатат. Ага ылайык талапкер он мүнөттүн ичинде өзүнүн программасын жазып, аны ооз эки айтып берүүсү зарыл. Мындан сырткары, экзамендик билетти алып, кыргыз жазуучуларынын чыгармасын көркөм окуп, комиссия мүчөлөрүнүн кошумча суроолоруна жооп берүү талап кылынат.

© Sputnik / Табылды КадырбековЭкзамен по государственному языку Албека Ибраимова
Экзамен по государственному языку Албека Ибраимова - Sputnik Кыргызстан
Экзамен по государственному языку Албека Ибраимова

Ибраимов программасы тууралуу айтып берип жатып эгер мэр болуп шайланып калса коррупция менен күрөшүүнү токтотпой турганын белгиледи.

"Коррупция менен күрөшүүнүн эң жакшы жолу бул — демократия. Шаар тургундарынын активдүүлүгү менен коррупциянын алдын алабыз. Шаардыктар бул багытта колдоо көрсөтөт деп ишенем", — деди ал.

Добуш берип жаткан шайлоочулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Республика – Ата-Журт" фракциясы: Бишкек мэрин шаардыктар тандоосу керек
Ошондой эле, шаардагы жол тыгындарын азайтууга аракет кыларын, сейил бактарга, элдин эс ала турган жерлерине, жер көйгөйүнө көңүл бурарын айтты. 

Эске салсак, Кубанычбек Кулматов 9-февралда отставкага кеткен. Учурда мэрдин милдетин вице-мэр Айгүл Рыскулова аткарып жатат. Ал эми жаңы мэрди шайлоо 27-февралда өткөрүлөт. 

19-февраль — мэрликке талапкерлерди каттонун акыркы күнү. Азырынча Ибраимов —жалгыз талапкер.

Жаңылыктар түрмөгү
0