Албек Ибраимов Бишкектин мэрлигине талапкер болуп катталды

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектин мэрлигине талапкер Албек Ибраимов. Архив
Бишкектин мэрлигине талапкер Албек Ибраимов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаарынын мэрин шайлоо 27-февралда өткөрүлөт.

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Албек Ибраимов Бишкек мэрлигине талапкер катары расмий катталганын Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти (БШК). 

"Борбордун статусу" жөнүндө мыйзамга ылайык Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы Албек Ибраимовду талапкер катары каттады", — деп айтылат маалыматта. 

Бишкек шаарынын мэрин шайлоо 27-февралда саат 10.00до өткөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0