Атамбаев менен Бордюжа терроризм менен күрөшүүнү талкуулашты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев ЖККУнун Башкы катчысы Николай Бордюжаны кабылуу учурунда. Архив
Президент Алмазбек Атамбаев ЖККУнун Башкы катчысы Николай Бордюжаны кабылуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аймактагы коопсуздукту камсыздоо максатындагы кызматташуу орчундуу маселелерден болду.

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Жамааттык коопсуздук боюнча келишим уюмунун (ЖККУ) Башкы катчысы Николай Бордюжаны кабыл алганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Газ плитасы жана акча. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЕАЭБ алкагында 2025-жылдан баштап газдын жалпы рыногу иштей баштайт
Жолугушууда ЖККУнун ишмердүүлүгү менен аймактагы коопсуздукту камсыздоодогу кийинки аракеттер, эл аралык терроризм менен экстремизмге каршы кадамдар талкууланды.

Бордюжа мындан тышкары Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчиси Жаныбек Капаров менен жолукту. Тараптар аскердик даярдык жана кадрларды даярдоо жаатында бир топ өсүштөр болгонун белгилешти.

ЖККУ 2002-жылы негизделип, ага Армения, Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстан мүчө болуп саналат. Уюмга алгач Өзбекстан да кирип, бирок 2012-жылдан бери мүчөлүгүн токтоткону белгилүү.

Жаңылыктар түрмөгү
0