Албек Ибраимов Бишкек шаарынын мэрлигине шайланды

Жазылуу
Шаардык кеңеште 45 депутат бар, эгерде талапкер 23төн кем эмес добуш алса, жеңди деп эсептелет.

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Борбор шаардын кеңеши Албек Ибраимовду Бишкектин мэрлигине шайлады.

Депутаттар Бишкектин жаңы мэрине чарбачыл болсун деп камчы карматышты
Шаардык кеңеште 45 депутат бар, эгерде талапкер 23төн кем эмес добуш алса, жеңди деп эсептелет.

Бирден-бир жалгыз талапкерге 42 депутат "макул" деген добушун берсе, бирөө каршы болду. Аны Бишкек шаарынын башчылыгына КСДП фракциясы сунуштаган.

Кубанычбек Кулматов мэрлик кызматты 9-февралда өз каалоосу менен тапшырып берген.

Ибраимов буга чейин "Эл аралык "Манас" аэропорту" ачык акционердик коомун башкарып, андан соң компаниянын директорлор кеңешинин курамына мүчө болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0