Кыргызстанда "Бирдиктүү оппозициялык күч" кыймылы түзүлдү

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүАдахан Мадумаров. Архив
Адахан Мадумаров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ага Адахан Мадумаров, Дүйшөмбү Сооронбаев, Өмүрбек Суваналиев, Бегалы Наргозуев, Камчыбек Ташиев жана башкалар кирди. Түзүлгөн кыймыл бийликке жети талап койду.

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Кыргызстанда "Бирдиктүү оппозициялык күч" кыймылы түзүлгөнүн коомдук ишмер Адахан Мадумаров facebook баракчасына кабарлады. 

Анын айтымында бул оппозициялык кыймылга Адахан Мадумаров "Бүтүн Кыргызстан" партиясы, Дүйшөмбү Сооронбаев "Бишкек форуму", Өмүрбек Суваналиев, Бегалы Наргозуев "Каршылы кыймылы" жана Камчыбек Ташиев "Ата-Журт" партиялары менен биригишти. 

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Президент Атамбаев эртең Россияга жөнөп кетет
Түзүлгөн кыймыл бийликке жети талап койду: көпчүлүк коалициясы өкмөт менен кошо жоопкерчиликти алуусу, министрлер кабинетин партия тараптан эмес, эл ишенимин актаган өкмөт түзүү, улуттук антикризистик программа иштеп чыгуу, баалардын жана тарифтердин өсүшүнө тыюу салуу, талаштуу кен байлыктарды иштетүүгө мораторий киргизүү жана "Мегакомду" сатпоо, шаар мэрлерин шайлоо укугун элге берүү, 27-мартта өтүүчү жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоодо административдик ресурсту колдонбоо талаптары.

"Бирдиктүү оппозициялык күч" кыймылы өлкөдөгү кризисти жеңүүдө бийлик оппозиция жана коомчулук менен биргеликте гана жеңүү мүмкүн экенин белигилейт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0