Столдо отурган аткаминер. Архив

Миллионер болбосоң эс ал! Президенттикке талапкер болууга миллион керекпи?

239
(жаңыланган 10:02 04.03.2016)
Президенттик шайлоо күрөөсүн 1 миллион сомго чейин көтөрүү демилгесине оппозиция, президенттикке талапкер болчулар жана жөнөкөй студенттер кандай пикирде экендигин Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги билип көрдү.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Президенттикке талапкер болчулардын шайлоо күрөөсүн 100 миң сомдон 1 миллион сомго көтөрүү демилгеси сунушталып жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигине демилгечилердин бири Дастан Бекешов билдирди.

Анын айтымында, шайлоо мыйзамдарын карап чыгуу боюнча атайын жумушчу топ түзүлгөн. Ал топко ар бир фракциядан экиден депутат кирип, бейөкмөт уюмдар менен биргеликте ушул демилгени сунуштап жатат. Мыйзам долбоорунда бул сунуштан сырткары партиялык тизмекти түзүү, Жогорку Кеңештин конституциялык мөөнөтү жана башка маселелер каралган. 

"Учурда иштеп жаткан мыйзамда президенттик күрөө 100 миң сом деп каралган. Бул президенттик шайлоонун деңгээли эмес да. Шайлоого барган талапкерлерге мамлекет тараптан акысыз эфирлер, иш бөлмөлөр берилип, өлкө казынасына зыян келет. Ошондуктан күрөөнү көтөрүп жатабыз. Мындан сырткары, баарыбызга маалым болгондой мурунку президенттик шайлоодо 86 талапкер болгон. Биз күрөөнү миллион сом кылган күндө деле 50 талапкер чыгарын так айта алам", — дейт депутат.

Бекешовдун айтымында, үгүт иштери, жарнама, штабдардын ачылышы менен шайлоонун өзү чоң каражатты талап кылат.

"Муну талапкерлерге бут тосуу деши мүмкүн, андай эмес. Эгерде 5-10 миллион сом десек ошондо чектөө болмок. 100 миң сом өтө эле аз экенин талапкер болчулардын баары түшүнүп турат", — дейт эл өкүлү.

Буга чейин бир канча ирет президенттикке талапкер болуп келген Токтайым Үмөталиева бул демилге адам укугун чектейт деп эсептейт.

"Конституция боюнча ар бир жарандын шайлоого катышууга укугу бар. Бул демилге акчалууларга мүмкүнчүлүк түзүп, илими бар бирок, колунда жокторго жол жаап жатат", — дейт Үмөталиева.

Коомдук ишмер, оппозиционер Өмүрбек Суваналиев бул демилгеге терс пикирде.

"Президенттик жана парламенттик шайлоо күрөөлөрүн көтөрүү жергиликтүү тың чыккан жаштарга, абройлуу талапкерлерге бут тосуу болуп саналат. Парламенттик шайлоого көпчүлүк жаш партиялар күрөөнүн айынан катыша албай калды. Алар тажрыйба топтошмок. Бүгүнкү күндө атка минерлер бийликке капчыктуулар келет деген саясатты жүргүзүп жатышат. Мамлекеттик кызматкер, мугалим, доктурларда маяна төмөн, демек шайлоого жалаң гана бизнесмендер, шылуундар катышуусу керекпи? Бүгүнкү күндө таза бизнес жокко эсе", — дейт Суваналиев.

Анын айтымында, талапкерлердин күчтүүсүн эл өзү электен өткөрүп алат.

БШКнын мурунку төрагасы Акылбек Сариев бул демилге талапкерлерди азайтуу ыкмасы деген ойдо.

"Баарын эле акчага буруп жатканы менимче туура эмес. Каражат тапкандар гана президент болот деген сөздүн өзү ката", — дейт Сариев.

Ал кошумчалагандай коомчулук бул сунушту колдобойт.

"Прогресс" фондусунун жетекчиси Адиль Турдукулов миллион сом таба албаган адам президент болуусу туура эмес деп эсептейт.

"Бул суроо түздөн-түз конституциялык реформа менен байланыштуу. Эгерде бийлик пландагандай күзүндө референдум өткөрүлүп, президенттин укуктары чектелсе, күрөөнү көтөрүүнүн кереги жок", — дейт Турдукулов.

Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркулов демилгени колдойт.

"Бул сунуш президенттик шайлоого байланыштуу маселе. Күрөөнүн суммасы көп, же аз болсо да нааразы болгондор сөзсүз чыгат. Өткөн шайлоодо 86 талапкер болгонун баарыбыз билебиз. Мыйзам долбоордун максаты жөн жерден эле талапкер болгондорду тыюу болсо керек. Жеке пикиримде миллион деген сунуш туура", — дейт Өмүркулов.

Эл өкүлүнүн айтымында, президенттикке талапкерлер шайлоо алдындагы жарнактарга, үгүт иштерине, өлкөнү кыдырууга жана активисттерине айлык берүүгө көп акча керектейт. Ошондуктан каражатсыз шайлоого аттанууга мүмкүн эмес.

2011-жылы президенттикке аттанып, 4-орун алган Темирбек Асанбековдун айтымында, шайлоо өнөктүгүнө талапкерлер ансыз деле көп каражат жумшайт. 

"Президенттик шайлоо бул жоопкерчиликтүү милдет. Каалоочунун баары эле катыша бербей шайлоонун эрежеси иреттелиш керек. Финансы жагы өзүнүн чеги менен 100 миң сом болсо, көп нааразычылыктар болбойт", — дейт Асанбеков.

"Дордой" базарында сатуучу болуп иштеген Бактыяр Кубанычбеков президент болгон адам элге иштеп берсе болду деген ойду карманат.

"Учурда базарда соода жок. Президент болом деген адам элге иштеп берсе болду. Болбосо карапайым калкка эле оор болот. Акылдуу адам миллион сомду кыйналбай эле табат", — дейт соодагер.

Кыргыз-орус славян университетинин 3-курсунун студенти Мариям Мамытова адамдын акчасына эмес, билимине кароо керек деген пикирде.

"Эл башчысы болгон адамдын акчасына эмес, билимине карап тандасак туура болот. Тажрыйбасы көп адам гана мамлекетти башкара алат", — дейт ал.

Азыркы мыйзам боюнча президенттикке талапкер шайлоо фондун түзүп, күрөөгө 100 миң сом төгүүсү керек. Мындан сырткары, кыргыз тил сынагынан өтүп, өзүнүн талапкерлигин колдогон 30 миң колтамга тапшырууга тийиш.

Акыркы жолу Кыргызстанда 2011-жылдын 30-октябрында президенттик шайлоо өтүп, анда БШКга 86 талапкер документ тапшырган: алардын 18и саясий партия өкүлдөрү, 68и өзүн өзү сунуштаган. Алардын арасында алты аял болгон. Ал шайлоодо көпчүлүктүн добушу менен Алмазбек Атамбаев 6 жылдык мөөнөткө Кыргызстандын президенти болуп шайланган. Эмки шайлоо 2017-жылдын аягында өтөт. 

239
Белгилер:
күрөө, президент, депутат, шайлоо
Тема боюнча
Албек Ибраимов Бишкек шаарынын мэрлигине шайланды
Шайлоого даярдоо иштери. Архивдик сүрөт

БШК президенттик шайлоонун мөөнөтүн белгиледи

101
(жаңыланган 15:06 24.10.2020)
Буга чейин президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров өлкөдө президенттик дагы, парламенттик дагы шайлоо 2021-жылдын март айына чейин өткөрүлөрүн айткан.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтүнөн мурда өткөрүлчү президенттик шайлоону 2021-жылдын 10-январына белгиледи. Бул тууралуу БШКнын жыйыны учурунда белгилүү болду.

"Кэчээ президенттик аппараттын жетекчилиги менен сүйлөштүк. Конституциялык мыйзамга ылайык, президенттик шайлоону эч бир орган аныктабайт. БШК болгону анын мөөнөтүн белгилеп берет", — деди комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекова.

БШК имараты тинтүүгө алынып, документтер чогултулуп жатат

Буга чейин президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров өлкөдө президенттик дагы, парламенттик дагы шайлоо 2021-жылдын март айына чейин өткөрүлөрүн айткан

 

101
Белгилер:
президенттик шайлоо, Нуржан Шайлдабекова, БШК
Тема:
Шайлоо-2020
Тема боюнча
БШК имараты тинтүүгө алынып, документтер чогултулуп жатат
БШК бул жолку шайлоого канча каражат кетерин кабарлады
Милиция БШК мүчөлөрүн эмнеге суракка чакырды? ИИМдин жообу
БШК имаратындагы отурум залы. Архивдик сүрөт

БШК имараты тинтүүгө алынып, документтер чогултулуп жатат

118
(жаңыланган 12:06 24.10.2020)
БШК мүчөсү Кайрат Осмоналиев азыр болуп жаткан көрүнүшкө нааразы болуп, мыйзамсыз аракет деп баалап жатат.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратын ИИМ кызматкерлери тинтүүгө алып, документтерди чогултуп жатат. Бул тууралуу маалыматты Sputnik редакциясына БШК мүчөсү Кайрат Осмоналиев тастыктады.

"Бул атайын уюштурулган акция. Тергөөчүлөр БШКнын ишине тоскоолдук жаратып жатышат. Бул үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартса болот. Анткени биз юридикалык жактан дагы деле парламенттик шайлоо жүрүп жаткан абалдабыз. Анын жыйынтыгы жокко чыгарыла элек", — деди Осмоналиев.

БШК мүчөсүнүн айтымында, жетекчилик жаңы бийлик менен сүйлөшүүгө аракет кылган.

Милиция БШК мүчөлөрүн эмнеге суракка чакырды? ИИМдин жообу

"Төрайым Шайлдабекова болгон аракетин кылып, кабылдамага чейин барган. Бирок Бакыт Аманбаев (өкмөт аппаратынын жетекчиси — ред.) "силерди эч ким кабыл албайт, өзүңөр тарап кеткиле" деп айтыптыр. Ишибизди улантарыбызды билгенде кылмыш ишин козгоп, суракка чакыра баштады. Азыр тинтүү жүргүзүп, документтерди алып жатышат. Бул аша чапкандык. Президенттин милдетин аткаруучу "камчы" методун гана колдонууда. Журналисттер бир нече күндөн бери БШКнын тегерегиндеги чуу боюнча айтса дагы реакция кылган жок", — деди ал.

Буга чейин ИИМдин кызматкерлери Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн суракка алып кетүүгө аракет кылып жатканы кабарланган.

Ал эми ИИМдин маалымат кызматы окуя боюнча бир аздан соң комментарий берерин билдирди.

118
Белгилер:
тинтүү, милиция, БШК, Кыргызстан
Тема боюнча
Милиция БШК мүчөлөрүн эмнеге суракка чакырды? ИИМдин жообу
БШК: милиция биздин мүчөлөрдү суракка алып кеткени жатат
Эркек киши. Архивдик сүрөт

Дарыканадан акча уурдай качып, кайра кайтарып камалган жигиттин маеги

0
(жаңыланган 15:02 24.10.2020)
Балдары ооруп, дарыга акчасы жок болуп дарыканадан акча уурдай качкан Токмоктогу жигит эсиңиздердеби? Окуянын өзү, фемида өкүлдөрүнүн ага чыгарган чечими коомчулукта чоң талкуу жараткан.

Каарманыбыз Замирбек Кожоканов 2019-жылдын 12-мартында балдары ооруп, дарыканадан курткасын күрөөгө коюп дары берүүсүн өтүнгөн. Дарыканачы баш тартканда акча алып чыгып кеткен. Бирок көп өтпөй акчаны кайтарып берип, милицияга өзү барган. Дарыкананын ээси доом жок деп жазып бергенине карабай, Кожоканов беш жылга эркинен ажыратылган. Кийин ал жаза 2,5 жылга кыскарган.

Учурда 34 жаштагы Кожокановго ырайым берилип, бир жылдык жазасы кыскарып эркиндикке чыккан.

Sputnik Кыргызстан агенттиги Замирбек Кожокановдун учурдагы абалы, жашоосу тууралуу өзү менен сүйлөштү.

— Учурда эмне менен алек болуп жатасыз?

— Бишкекте курулуш тармагында иштеп жүрөм. Мурдатан эле курулушта ички жасалгалоо, евроремонт менен алектенчүмүн. Азыр иштеген жеримде эле жатып, көп кабаттуу үйдөгү батирдин ичин жасап жатабыз.

— Үй-бүлөңүз Токмоктобу?

— Ооба, эки кызымды апам карап жатат. Эки кыз, бир уулум бар. Келинчегим менен кичүү уулумду эки жылдан бери көрө элекмин. Аялым менен таарынышып кеткенбиз. Эми ага ар кандай себептер болуп калды. Убактылуу кармоочу жайда жатканымда бир эле жолу телефон аркылуу сүйлөшкөнбүз. Ошондон кийин байланышкан жокпуз. Абактан чыккандан кийин издеп барган да жокмун. Баргым да келген жок.

Чыңгыз Анарбек уулу: качпасам өлтүрүп коюшмак

— Көңүлүңүз ооруп калган окшойт?

— Ошондой болуп калды. Көчөдөн көрүп калсам деле артынан чуркап барбайт болчумун. Азыр баары жакшы, кыздар ата-энемдин колунда. Иштерим деле, кудай буюрса, жакшы болуп жатат.

— Апаңыз сиз камалганда насыя алганын айтып жатты эле…

— Азыр карыздардан толук кутула элекпиз. Бир аз бересем бар. Токмоктогу убактылуу кармоочу жайда жатканда тергөөчүгө дос балам 20 миң сом берген. 

— Кандайча тергөөчүгө акча бердиңер?

— Токмокто жатканда тергөөчү камераны ачып туруп "сотко сүйлөшүп, абактан бошоттуруп берем" деп 20 миң сом сураган. Мен дароо дос балама байланышып, ал машинасын күрөөгө коюп, эртеси эле акчаны алып келип берген. Көрсө мени алдап коюшуптур. Ошентип досум кийин тергөөчүгө чалып жүрдү. Ал акыры номерин алмаштырып койду окшойт, өчүк болуп калды.

— Абакта толук бир жыл отурдуңузбу?

— Жок, бир жарым жыл отурдум. Беш жыл менен "централкага" (СИЗО-1 — ред.) киргем. Ал жактан бир ай өтпөй эле Бакыт жана Тилек (Тилек Мамбетов — ред.) деген эки адвокат мени облустук сотко чакыра баштады. Ошол эки адвокатым чуркап жүрүп, беш жылды эки жарым жылга кыскартып берди. Андан кийин Жалал-Абаддагы абакта 1,5 жыл отургандан кийин, так датасы эсимде жок, бир күнү эле микрофондон фамилиямды айтып чакырды. Барсам, адвокатым Тилек Мамбетов президентке кайрылып, жаза өтөөчү бир жылымды алдырып бергенин айтышты.

Токмоктогу дарыканадан акча уурдай качкан жигитке ырайым кылынды

— Сизди алгач беш жыл эркиңизден ажыратуу менен кошо 70 миң сом айып салды эле. Кийин 50 миң сомго азайган…

— Ооба, аны да төлөдүм. Ишимди тергөөчү, орусча айтканда, чалды-куйду толтуруп салыптыр да. Мурда бандиттер менен байланышы болгон өңдүү жалаа жаап салышкан экен. Бирок сотто мурун армияда кызмат өтөгөнүм, үй-бүлөлүк абалым каралды.

— Ошол каргашалуу күнү балаңыз аябай ооруп жатты беле? Эмнеге мындай ишке баргансыз?

— Ошол күнү акчага аябай муктаж болуп калдым. Бир жерде иштеп, ал жактан да иштеген акчамды бербей алдап кетишти. Негизи ал күнү ошол кишини издеп жүргөм. Ортодон бирөөлөргө жолугуп ачуум менен бир аз ичимдик да ичип алгам. Иччү эмесмин. Балам да грипп болуп ооруп жаткан. Анан ушундай окуя болуп кетти.

— Кыздарды жалгыз багып, бир чети сизге чуркап ортодон апаңыз кыйналыптыр. Сиз жалгыз уулсузбу?

— Жок, жети бир тууганмын. Эки эркек, беш кыз. Ата-энем пенсия курагындагы адамдар. Мен үй-бүлөм менен бөлүнүп, Токмоктун кичи районунда батирде турчумун.

— Баарынан кыйыны эмне болду?

— Башымдан өткөн күндөрдүн ичинен эң кыйыны соттолуп кеткеним, беш жылга эркимден ажыратуу тууралуу соттун чечимин угуу болду. Кийин 2,5 жыл бергенде беш жылга караганда шүгүр дедим. Жаза өтөө мөөнөтүмдүн бир жылы кыскартылган соң эки айдан кийин абактан чыктым. Азыр толугу менен пробация да бүттү. Айдын башында жана аягында келип турасың дешкен. Ушул жылдын 18-августунда Жалал-Абаддан бошоп чыктым. Кечинде коё берди. Алар да убакыт-сааты менен чыгарат экен. Анан ошол жакта отурган балдар жардам беришти, үйдөгүлөр акча салып маршрутка менен Чүйгө келип алдым.

"Братва" менен бир жайга жайгаштырууну өтүндүм. Максат Чакиев менен ачык маек

— Алгач кандай сезимде болдуңуз?

— Бошоп чыкканда эле эркиндикти сездим. Баа-баркы билинди.

— Алдыда пландарыңыз барбы?

— Эми кайрадан үйлөнүп, жаңы жашоо баштоону чечтим. Балам чоңойсо кийин издеп келер. Кыздарымды багып эле өз алдымча жаңы жашоо баштайм.

— Абактан кийин кандай ойдо калдыңыз?

— Баарын акча чечип калыптыр. Оор кылмыш кылган адам деле акчасы болсо кутулуп кетет турбайбы. Абакта деле кээ бир балдар менен сүйлөшүп калдым. Ал жакта деле ак жеринен отургандар бар. Көчөдө кетип бара жаткан жеринен кармалып, кылмышты мойнуна алып калган. Айтор, оор тагдырлар көп экен.

0
Белгилер:
акча, Жалал-Абад, абак, Токмок, сот
Тема боюнча
Дарыкананы тоноп кесилген кишинин апасы: 40 миң сомум болсо уулумду алып калмакмын