Катарда жаңы дайындалган КР элчиси эмир менен кол алышты

© пресс-служба МИД КРКыргызстандын Катар мамлекетиндеги элчиси Нуран Ниязалиев өлкөнүн эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Тани менен жолугушуу учурунда.
Кыргызстандын Катар мамлекетиндеги элчиси Нуран Ниязалиев өлкөнүн эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Тани менен жолугушуу учурунда. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын элчилиги Катар мамлекетинде биринчи жолу ачылууда. Элчинин резиденциясы Доха шаарында жайгашкан.

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Кыргызстандын Катар мамлекетинде жаңы дайындалган элчи Нуран Ниязалиев өлкөнүн эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Таниге ишеним грамоталарын тапшырганын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, документ кечээ, 3-март күнү тапшырылып, ага Катардын тышкы иштер министри Шейх Мохаммед бин Абдулрахман Аль Тани катышты.

ЖК Балтика өлкөлөрүндөгү элчиликке Өмүралиевдин дайындалышына макул болду
Ниязалиев өз сөзүндө КР президенти Алмазбек Атамбаевдин жолдогон саламын айтып, катар элине өнүгүү каалады. Ал кыргыз-катар мамилелеринин абалын тууралуу айтып берип, мындан аркы эки тараптуу кызматташуу үчүн бардык аракетин жумшай турганын белгиледи.

Катардын эмири Ниязалиевди жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктап, эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелер мындан ары да улана берерине ишеним артты.

Жолугушуунун соңунда шейх Тамим бин Хамад Аль КР президенти Атамбаевге өз саламын жолдоду.

Жаңылыктар түрмөгү
0