Президент сотторго квалификациялык класстарды берүү жөнүндө жарлыкка кол койду

© Sputnik / Табылды КадырбековСудебный зал верховного суда КР. Архивное фото
Судебный зал верховного суда КР. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ага ылайык, квалификациялык класстарды Жогорку соттун судьялары алышты.

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын сотторуна квалификациялык класстарды берүү жөнүндө жарлыка кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди. 

Атамбаев РФ финансы министри менен жолугуп, Кыргыз-орус фондусунун ишине басым жасады
Жарлыкка ылайык, жогорку квалификациялык классты Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева, орун басары Анархан Базаралиева жана Жогорку соттун жети судьясы алды. 

Мындан сырткары өлкө башчы тарабынан Баткен облустук сотунун төрагасы Сооронбай Карабаевке биринчи квалификациялык класс тапшырылды. 

Үчүнчү квалификациялык классты бир судья, төртүнчү квалификациялык классты — алты судья жана бешинчи квалификациялык классты 15 судья алышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0