"Алтынкен" ишканасына жаңы жетекчи дайындалды

Жазылуу
Ли Фэн буга чейин Тажикстандагы "Зеровшан" алтын комбинатын жетектеп келген.

БИШКЕК, 9-мар. – Sputnik. "Алтынкен" ишканасынын башкы директорлугуна Ли Фэн дайындалганын "Кыргызалтын" компаниясы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал аталган кызматка үстүбүздөгү жылдын 3-мартында киришкен. 

Буга чейин 51 жаштагы Ли Фэн Тажикстандагы "Зеровшан" алтын комбинатын жетектеп келген.

Алтын кени. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Алтынкендин" жумушчулары нааразылык акциясын токтотту
Талды-Булак Сол жээк кенин "Алтынкен" ишканасы иштетет. Ал 2006-жылы апрель айында түзүлгөн. 2011-жылы Талды-Булак Сол жээк кенин "Алтынкен" компаниясы иштетет. Акциялардын 40 пайызы "Кыргыз алтынга" тиешелүү, 60 пайызы кытайдын Superb Pacific Limited компаниясына таандык. Ал Кытайдагы эң ири Zijin Mining ишканасынын туунду компаниясы болуп саналат. 

Былтыркы жылы аталган кенден болгону эки килограмм алтын өндүрүлгөн.

Талды-Булак Сол жээк кенинде болжол менен 64 тоннадан ашык алтын, 45 тоннадай күмүш бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0