Атамбаев Коррупция каршы кызматтын жаңы жетекчиси менен бул жааттагы иштерди талкуулады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев УКМК Антикоррупциялык кызматынын директору Улан Исраиловду кабыл алуу учурунда.
Президент Алмазбек Атамбаев УКМК Антикоррупциялык кызматынын директору Улан Исраиловду кабыл алуу учурунда. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын директорлугуна Улан Исраилов мындан төрт күн мурда дайындалган.

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев УКМК Антикоррупциялык кызматынын директору Улан Исраиловду кабыл алып, коррупцияга каршы иш-чараларды активдештирүү боюнча мындан аркы пландар тууралуу маалымат алды. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди.

Алмазбек Атамбаев мураскери кантип тандаларын айтты
Жолугушууда мамлекет башчысы коррупциялык кылмыштарды ачуу жана тергөө ишмердигинин уюштурулушу боюнча сүйлөштү.

Маалымат кызматы Атамбаев бардык деңгээлдерде коррупцияга каршы күрөштү мындан ары күчөтүү жана антикоррупциялык ишти жакшыртуу зарыл экендигин белгилегендигин билдирди.

УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын директорлук кызматына Улан Исраилов мындан төрт күн мурда презденттин Жарлыгы менен дайындалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0