Эсептөө палатасынын мурдагы төрайымы Элмира Ибраимова. Архив

ЖКнын ишенимин актаган Ибраимова аудитордук кызматтан да кетти

58
(жаңыланган 12:43 16.03.2016)
Парламентарийлер Элмира Ибраимова Жогорку Кеңеш менен президенттин ишенимин актаганын айтып, белек катары саат ыйгарышты.

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Эсептөө палатасынын мурдагы төрайымы Элмира Ибраимова бүгүн өз каалоосу менен аудитордук кызматтан да кетти. Анын арызын Жогорку Кеңеш 84 добуш менен колдоп берди. 

"Эсептөө палатасына жаңы аудиторлордун курамы келип иштеп жаткандыктан кызматымдан кетүүнү туура көрдүм. Мындан сырткары, ден соолугумду чыңдап, эс алайын дедим", — деп билдирди Ибраимова Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында. 

Парламентарий Ибраимова алгылыктуу иш алып барганын айтып ыраазычылык билдирди. Спикер Асылбек Жээнбеков Ибраимова ишмердүүлүгүн улантууга дагы бир жыл убактысы болгонун айтты. 

"Элмира айым кызматка 2012-жылы келгениңизден бери Эсептөө палатасында алгылыктуу иштерди жасадыңыз. Бюджетке 4,7 миллиард сом кайтарып бере алдыңыз. Мындай ишти буга чейин эч ким жасай алган эмес. Аудитордук кызматыңызды аркалап жатып, парламентке керектүү маалыматтарды так жеткирип турдуңуз. Дагы бир жылдай убактыңыз калды эле, иштеп берип койсоңуз жакшы болмок", — деп билдирди спикер Жээнбеков. 

Жыйындын жүрүшүндө Элмира Ибраимова Жогорку Кеңеш менен президенттин ишенимин актаганы айтылып, парламент тарабынан саат ыйгарылды. 

58
Белгилер:
аудитор, кошумча эсептөө, парламент
Тема боюнча
Эсеп палатасынын аудитору жасалма документтер менен кармалды
Сариев Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун жамаатына Кулматовду тааныштырды
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров ишкерлер менен болгон жолугушуу учурунда

Алдап жүргөн. Жапаров энергетика министрин иштен кетирген себебин айтты

113
Мурдагы энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев ээлеген ордунан 8-июнь күнү бошотулган. Аталган кызматка ал ушул жылдын февраль айында келген. Эми бул министрликти Доскул Бекмурзаев башкарып жатат.

БИШКЕК, 23-июн.— Sputnik. Кубанычбек Турдубаев Энергетика министрлигинен берилген тапшырмаларды аткарбаганы үчүн кетти. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров ишкерлер менен болгон жолугушууда билдирди.

Эске салсак, мурдагы энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев ээлеген ордунан 8-июнь күнү бошотулган. Аталган кызматка ал ушул жылдын февраль айында келген. Эми бул министрликти Доскул Бекмурзаев башкарып жатат.

Жолугушууда ишкер Рахат Ирсалиев ири ГЭСтер чоң суммадагы каражатка салынарын айтып, кичи гидроэлектростанцияларды ички инвесторлордун күчү менен курууга боло турганын белгилеген. Бирок ал үчүн мамлекет тарифтерди бекитип, 100 пайыз иштелип чыккан электр энергиясын сатып алуусу керек.

Анын айтымында, мамлекеттен эч нерсе кереги жок. Бул жерде өлкө бир да тыйын коротпойт. Кичи ГЭСти бир жыл ичинде, ал эми чоң станцияларды 10 жыл же андан ашык убакытта куруп бүтсө болот.

Ал Жапаровго январдагы сүйлөшүүнү эскертти. Анда президент сунуш болсо киргизүүнү айткан. Мындан улам февраль айында ишкер сунуштарын Энергетика министрлигине киргизгенин айтып, бирок маселе чечилбей калганын кошумчалаган.

Жапаров буга жооп берип, Ирсалиев туура айтып жатканын белгиледи.

"Ноябрь-декабрда ошол кездеги министрди чакырып, кичи ГЭСтерден мамлекет электр энергиясын түз сатып алыш үчүн Рахат Ирсалиев менен жолугушуу уюштургам. Ирсалиев үч жыл ичинде үч кичи гидроэлектростанция курган. Бирок мамлекет электр энергияны сатып албай, линияга кошпой, эч нерсе кылган эмес. Ошол себептен ал айласы кетип электр энергияны майнингге койгон. Мен министрге киловатт-саатын 2,9 сомдон сатып алуу боюнча келишим түзүү тапшырмасын бергем", — деди президент.

Андан ары Жапаров сөзүн улап министр ага маселе чечилгенин ишенимдүү түрдө айтканын белгиледи.

"Эки айдан кийин ошол эле министрден сурасам, ал келишим түзүлгөнүн, кичи ГЭС боюнча маселе чечилгенин айткан. Мен маселе чын эле чечилди го деп ойлогом. Бир ай мурда мен силерге өзүм чалып, "маселе чечилди беле" деп сурасам, силер "жок" деп айттыңар. Мен министр менен кайра сүйлөшүп, себебин сурасам, ал ишенимдүү түрдө "маселе чечилген" деп калп айтып койгон. Бул министрдин кызматтан кетүүсүнүн бир себеби болду", — деди Жапаров.

Президент электр энергияны кичи ГЭСтерден сатып алуу зарылдыгына токтолуп, болбосо эч ким кичи ГЭС курбай коерун айтты. Мамлекет башчы "жолугушууга азыркы энергетика министри катышып жатабы" деп сураганда, анын орун басары бар экенин айтышты.

Жапаров келишим түзүү жана баа маселесин жума күнү саат 17:00гө чейин чечүү керектигин тапшырып, ал боюнча отчёт берүүнү эскертти.

"Силерге эки күн мөөнөт берем. Эгер чечпей, убакытты чоюп жүрө берсеңер, бюрократия болсо, анда жетекчилик толук курам менен арыз жазып мага келгиле. Эгер жарлык, мыйзамдарды аткарбасаңар, анда кызматтан жөн эле кетпестен кармаласыңар. Муну баарыңардын көзүңөрчө айтып коёюн. Мурда ишкерлер министр же башка мамлекеттик кызматкердин артынан чуркаса, эми инвесторлордун артынан силер чуркашыңар керек", — деди ал.

Өлкө башчы мамлекет кызматкерлерди пара алуу деген психологияны өзгөртүүгө чакырды.

113
Белгилер:
электр энергиясы, кызмат, министр, Садыр Жапаров, Кыргызстан
Тема боюнча
Жапаров УКМКнын Коррупцияга каршы кызматын жоймой болду
Бизнеске кысым болууда! Садыр Жапаров экономиканы өнүктүрүүнүн жолдорун айтты
Россиянын президенти Владимир Путин. Архив

Путин: Россия өзүнүн жана коңшулардын коопсуздугу үчүн баарына даяр

53
Владимир Путин Россия эч качан өз оюн башкаларга таңуулабай турганын, ал эми дүйнөлүк жана аймактык көйгөйлөрдү саясий-дипломатиялык ыкма менен чечишүүгө даяр экенин белгиледи.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Москва шаарында өтүп жаткан эл аралык коопсуздук боюнча IX Москва конференциясында Россия президенти Владимир Путин өз өлкөсүнүн эл аралык мамилелер жаатындагы позициясын эске сала кетти.

РИА Новости агенттигинин жазганына караганда, Путин Россия өз элинин коопсуздугу үчүн бардык аракеттерди көрөрүн айтты.

"Кечээ өлкө тарыхындагы эң өкүттүү даталардын бирин белгиледик. Туура 80 жыл мурда фашисттик Германия биздин мамлекетке кол салган. Бул окуя бизге чоң сабак болгон. Андыктан Россия өз элинин коопсуздугу үчүн колдон келген аракетин жасайт. Куралдарыбызды күчтөндүрөбүз, дипломатия жолу менен сүйлөшүүгө аракет кылабыз, кызыкдар тараптар менен диалогго барабыз", — деди Путин.

Ошол эле учурда президент Россия эч качан өз оюн башкаларга таңуулабай турганын, ал эми дүйнөлүк жана аймактык маселелерди саясий-дипломатиялык ыкма менен чечишүүгө даяр экенин айтты.

"Россия эч качан өз оюн башкаларга таңуулабайт. Дүйнөлүк жана аймактык көйгөйлөрдү саясий-дипломатиялык ыкмалар менен чечишүүгө салым кошкубуз келет. Россия жаратмандыкты колдойт", — деди РФ лидери.

Мындан тышкары, Путин Россия коңшу өлкөлөрдүн коопсуздугу үчүн жоопкерчиликтүү экенин эч качан унутпасын белгиледи.

"Коңшулар менен ажырагыс тарыхый жана маданий байланышыбыз бар. Биз алардын коопсуздугу үчүн жоопкерчилигибизди унутпайбыз. Биздин жалпы континентибиздеги тынч жашоо жана ачык асман үчүн аймактык чыр-чатактарды басаңдатууга салым кошо бермекчибиз", — деди ал.

Эл аралык коопсуздук боюнча Москва конференциясы — коргоо мекемелеринин, эл аралык уюмдардын жана бейөкмөт эксперттердин башын бириктирип, коопсуздук боюнча жыл сайын өтүүчү форум.

53
Белгилер:
диалог, коопсуздук, регион, Владимир Путин, Россия
Тема боюнча
Путиндин макаласы: өткөнгө карап кылчактай бербей, ачык болуш керек
Массалык жок кылуучу куралдын жайылуу коркунучу. Путин Москва форумунда сүйлөдү

Мүнөзү оор, ишке так Болот Шамшиев. "Ак кемедеги" таберик сүрөт

0
(жаңыланган 19:51 23.06.2021)
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, анын тарыхын баяндоону улантат.
Тапанча көтөргөн СССРдин эл артисти Болот Шамшиев, анын жанында калпакчан экинчи оператор Аскар Жамгырчинов менен КРдин эл артисти, оператор Манасбек Мусаев жана оператордун ассистенти Самиджан Хусанбаевдин сүрөтү 1975-жылы Ысык-Көл облусунун Чоң-Ак-Суу капчыгайында тартылган
© Sputnik / Александр Федоров

Тапанча көтөргөн СССРдин эл артисти Болот Шамшиев, анын жанында калпакчан экинчи оператор Аскар Жамгырчинов менен КРдин эл артисти, оператор Манасбек Мусаев жана оператордун ассистенти Самиджан Хусанбаевдин сүрөтү 1975-жылы Ысык-Көл облусунун Чоң-Ак-Суу капчыгайында тартылган. Ал жерде киночулар душмандардын кыргыз айылына кол салган эпизодун камерага түшүргөн.

Ал жылы сүрөттөгү инсандар Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде "Ак кеме" кинофильмин тартууга киришип, буга мамлекеттен 600 миң рубль бөлүнгөн.

Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, профессор Манасбек Мусаев ошол учурду мындайча эскерет.

"Мен көп кыргыз режиссерлору менен иштештим. Оператор катары Болот Шамшиев менен эмгектенүү мен үчүн ырахат болчу, аны менен чыгармачылыгымдын мыкты жылдары өттү. Москвадагы Бүткүл союздук кинематография институтун аяктап келип эле көркөм фильм тартууну "Ысык-Көлдүн кызгалдактарынан" баштагам. Ошондо бири-бирибизди жакшы түшүнүшүп, кийин башка тасмаларда дагы иштешип достошуп калдык. Чынын айтканда, азыр Шамшиевдей таланттуу режиссёр жок. Мүнөзү оор деп коюшчу, бирок ар бир адамдын эле өзүнө тиешелүү кулк-мүнөзү болот. Биринчиден, ал ишке так болчу. Тасма тартуу процессинде ондогон адис, артист иштейт, баарына аябай катуу талап койчу. Союз тарап кетип Болот 20 жылдай тасма тартпай жүрүп, мени жети-сегиз жыл мурун бир эмгектин үстүнөн иштөөгө чакырган. Мен кубануу менен сунушун кабыл алып, Бишкектеги жогорку окуу жайлардын бириндеги жумушуман арыз жазып чыгып кеткем. Жумушту заманбап техника менен баштаганбыз. Болоттун жакшы жагы — эпизоддор толук даяр болмоюнча ишти баштачу эмес, тасма тартууга өтө кылдат мамиле кылчу. Бир жолу Геннадий Базаров эгер мүмкүнчүлүк болуп калса, дүйнөдөгү мыкты режиссёрлордун ичинен ким менен иштешмексиң деп сурап калды. Мен ага "убагында япониялык атактуу режиссёр Акира Курасава, америкалык Джордж Кьюкордун иштегенин көрүп калгам. Далай ата мекендик режиссёрлор менен тасма тарттым, бирок Болот менен фильм жаратмак элем деп жооп бергем", — деди Мусаев.

Ал жылы режиссёр Шамшиев 34, оператор Мусаев 33, Жамгырчинов менен Хусанбаев 25 жашта болгон.

"Ак кеме" тасмасы 1976-жылы Бүткүл союздук IX (Фрунзе) жана Тренто (Италия) кинофестивалдарында баш байгеге ээ болуп, аны жаратууга катышкандардын айрымдары СССРдин мамлекеттик сыйлыгына татыган.

0
Белгилер:
таберик сүрөт, "Ак кеме" тасмасы, оператор, Болот Шамшиев, режиссер, Кыргызстан
Тема:
"Таберик сүрөт" — сейрек кездешкен ирмемдер
Тема боюнча
"Уулдуу болуп" сүйүнгөн Рыскулов менен Турсунбаева. Баткендеги таберик сүрөт
Сүймөнкул Чокморов жубайы Салима Шабазова менен музейде. Таберик сүрөт
Орозбек Кутманалиев 11 уул-кызы менен. Үй-бүлөнүн таберик сүрөтү