Президент Алмазбек Атамбаев Боспиекке барат

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезидент Алмазбек Атамбаев. Архив
Президент Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын тарыхында "Аксы окуясы" деген ат менен белгилүү болгон саясий нааразычылыкка чыккан элге ок атылган кандуу окуяга бүгүн 14 жыл толду.

БИШКЕК, 17-мар — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Аксы окуясынын 14-жылдыгы белгилене турган Боспиек айлына барат. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Кыргызстандын желегин көтөргөн жарандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бүгүн Аксы окуясынын 14 жылдыгы белгиленет
Боспиек айылында Аксы окуясынын катышуучулары, райондун аксакалдары, бийлик өкүлдөрү чогулуп куран окулат.

Кыргызстандын тарыхында "Аксы окуясы" деген ат менен белгилүү болгон саясий нааразычылыкка чыккан элге ок атылган кандуу окуяга быйыл 14 жыл толду. 

Жалал-Абаддын Аксы районундагы Боспиек айылында болгон бул трагедия Кыргызстандын кийинки саясий турмушунун активдешүүсүнө, коомдук ойгонуусуна жем таштаган окуялардан болуп калган. Коомчулукта бул окуя өлкөдөгү кийинки бир нече олуттуу саясий өзгөрүүлөрдүн жаралышына өбөлгө түзгөндүгүн айтып келишет.

Жаңылыктар түрмөгү
0