Дүйшөмбиев Атамбаевге чек аранын чыңдалышы боюнча маалымат берди

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Раимберди Дүйшөмбиевди кабыл алды.
Президент Алмазбек Атамбаев Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Раимберди Дүйшөмбиевди кабыл алды. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы чек аралардагы көзөмөл өткөрүү пунктарынын жаңыланып жатканы тууралуу кенен маалымат берди.

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Раимберди Дүйшөмбиевди кабыл алганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Чек ара. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өзбекстан Кыргызстан менен болгон чек арага зооттолгон транспортту жайгаштырууда
Жолугушуу учурунда Дүйшөмбиев президент Атамбаевге мамлекеттик чек араны бекемдөө, аны коргоо боюнча жасалып жаткан аракеттер тууралуу толук маалымат берди.

Ал ошондой эле, чек арадагы көзөмөл өткөрүү пунктарынын жаңыланып жатканы жөнүндө айтты.

Өз кезегинде Алмазбек Атамбаев Мамлекеттик чек ара кызматына мындан ары да чек араны коргоону күчөтүү боюнча тапшырма берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0