Кыргызстан менен Эль-Сальвадор дипломатиялык байланышты жолго коет

Жазылуу
Эки мамлекеттин АКШдагы элчилери мамлекеттер ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо керектигин баса белгилешти.

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Кыргызстандын АКШ жана Канададагы элчиси Кадыр Токтогулов менен Эль-Сальвадор мамлекетинин Америкадагы элчиси Франциско Альтшуль эки мамлекет ортосундагы дипломатиялык алаканы чыңдоо боюнча документке кол коюшту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Стамбул шаарындагы Кыргызстандын консулдугу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын чет өлкөдөгү элчиликтери сүрөттө
Элчилер эки мамлекет ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо керектигин баса белгилешти. Андан сырткары Кыргызстан менен Эль-Сальвадор мамлекетинин өкмөттөрүнүн кызматташуусу керектигин айтышты.

Эль-Сальвадор мамлекети Борбордук Америкада жайгашкан мамлекет. Ал чыгышынан жана түндүгүнөн Гондурас менен чектешет. Батыштан Гватемала, түштүгүнөн Тынч океан курчап турат. Мамлекеттин жалпы аянты 21 миң чарчы километрди түзөт. Калкынын саны 6,5 миллион кишини түзөт. Бул Борбордук Америкадагы эл эң жыш жайгашкан мамлекет болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0