Ноорузга карата башка өлкө башчылары Кыргызстанга куттуктоо жолдошту

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев Пресс-служба ПКРКыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев жана Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган. Архив
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев жана Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түркия менен Азербайжан президенттери өлкө башчысына ден соолук, бакты-таалай жана ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине бакубатчылык менен гүлдөп өсүүнү каалашты.

БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Нооруз майрамына карата өлкө президенттери мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевге жана кыргыз элине куттуктоо жөнөтүүдө. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Нооруз майрамын майрамдоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Москвадагы КР мигранттары Ноорузга карата аш басып, концерт коюшат
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган кыргызстандыктарга куттуктоо жолдоп, Нооруз эки өлкө ортосундагы достукту, боордоштукту, тилектештикти жана кызматташтыкты байыртадан бери сактап келатканын белгилейт. 

Эрдоган президент Атамбаевге ден соолук, бакты-таалай жана ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине бакубатчылык менен гүлдөп өсүүнү каалаган.

Ал эми Азербайжандын өлкө башчысы Ильхам Алиев өз куттуктоосунда кыргызстандыктарга өнүгүү каалап, эки элдин ортосундагы алака-катыш мындан ары да өнүгө турганына ишеним арткан.

Ноорузга карата Бишкекте өтө турган майрамдык иш-чаралардын программасы менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин инфографикасынан көрсөңүз болот>>

Жаңылыктар түрмөгү
0