ТИМ жетекчиси президентке чек ара коопсуздугун камсыздоо боюнча маалымат берди

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев ТИМ жетекчиси Эрлан Абдылдаевди кабыл алуу учурунда.
Президент Алмазбек Атамбаев ТИМ жетекчиси Эрлан Абдылдаевди кабыл алуу учурунда. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев президент Алмазбек Атамбаевдин кабыл алуусунда болуп, өлкөнүн тышкы саясий ишмердүүлүгү тууралуу айтып берди.

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев президентке чек ара коопсуздугун камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтып берди. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев ТИМ жетекчисин кабыл алып, өлкөнүн тышкы саясий ишмердиги жана анын негизги багыттарын өнүктүрүү жолдорун талкуулады.

Аксыда чек ара боюнча митингге эл чогулуп жатат
Абдылдаев Кыргызстандын улуттук таламдарын коргоо жаатындагы демилгелер, анын ичинде чек ара коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жасалып жаткан иштер жөнүндө айтып берди.

Президент Тышкы иштер министрлиги өлкөнүн улуттук таламдарын коргоо милдеттерин эл аралык укук нормаларына ылайык өз маалында жана так ишке ашыруу үчүн тыкыр жана салмактуу мамилени талап кылган проблемаларды конструктивдүү чечүүгө багытталган курсту кыйшаюусуз улантуу зарылдыгын баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0