Сооронбай Жээнбеков президенттик аппарат жетекчисинин орун басары болду

© прессс-лужба правительства КРСооронбай Жээнбеков. Архив
Сооронбай Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жээнбеков буга чейин кыргыз өкмөтүнүн Ош облусундагы өкүлү, андан кийин Мамлекеттик кадр кызматынын төрагасы болуп иштеп келген.

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Сооронбай Жээнбеков президенттик аппарат жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Тийиштүү буйрукка президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 23-март күнү кол койду.

Буга чейин Жээнбеков өткөн жылдын соңунда өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнөн бошотулуп, Мамлекеттик кадр кызматынын башына келген.

Жээнбековго чейин бул кызматты Улукбек Марипов ээлеп келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0