Статс-катчы деген ким? Анын колундагы 5 бийлик

Жазылуу
Статс-катчынын негизги милдеттеринин бири Коррупцияга каршы чараларды иштеп, алардын ишке ашырылышын уюштуруу болуп эсептелет. Кыргызстандын мамлекеттик органдарында жалпы 26 статс-катчы бар.

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматынын статс-катчысы Нурлан Шерипов 100 миң сом пара алууга шектелип убактылуу кармоочу жайга камалгандыгы тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык, 12-март күнү Коррупцияга каршы кызматка жаран арыз менен кайрылган. Анын айтымында, Шерипов Каттоо кызматынын дагы бир кызматкери менен сүйлөшүп алып, карызга таяп арыз ээсинин ар бири 7 миң долларга бааланган эки унаасын алып койгон. Мындан тышкары, 550 миң сом өлчөмүндө акча талап кылган.

Атамбаев Коррупция каршы кызматтын жаңы жетекчиси менен бул жааттагы иштерди талкуулады
Бул статс-катчылар менен болгон биринчи окуя эмес. 2014-жылы Транспорт жана коммуникация министрлигинин статс-катчысы Максатбек Дыйканов 5 миллион 70 миң сом пара алууга шектелип, Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголгон. Азыр анын үстүндө сот иши жүрүп жатат.

Мындай фактылардан улам, Sputnik Кыргызстан статс-катчылардын колунда кандай бийлик бар экенин карап чыкты.

Статс-катчы мамлекеттик органдарда жогорку администрациялык кызмат. Ал орунду ээлеген кызматкер кадрдык жана финансылык маселелерди көзөмөлдөйт.

"Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" өкмөттүн токтомуна ылайык статс-катчылар бир нече артыкчылыктарга ээ. Негизги беш артыкчылыктарын төмөндө келтирдик.

  • Финансылык, материалдык жана адам ресурстарын башкарууну жүзөгө ашырат;
  • Коррупцияга каршы чараларды иштеп чыгат жана алардын ишке ашырылышын уюштурат;
  • Статс-катчынын кызмат орду туруктуу болуп саналат жана укуктук статусу боюнча мамлекеттик органдын жетекчисинин биринчи орун басарынын кызмат ордуна теңештирилет;
  • Кайсы бир мамлекеттик органдын жетекчиси кызматынан бошотулса, статс-катчы аны менен кошо жумуштан алынбайт. Тескерисинче, жаңы башчы келгенче мамлекеттик органдын ишин көзөмөлгө алууга ыйгарым укук берилет;
  • Органдын программалык бюджетин иштеп чыгып, аны ишке ашырууга жооп берет.

Мамлекеттик кызматтардагы статс-катчылар тизмеси:

  1. Айдай Курманова, 42 жашта. 2013-жылы Экономика министрлигинин статс-катчысы кызматына келген;
  2. Зуура Баяманова, 39 жашта. Каржы министрлигине статс-катчы катары 2013-жылы дайындалган;
  3. Чынара Мамидинова, 40 жашта. Юстиция министрлигине 2011-жылы статс-катчы болуп дайындалган;
  4. Паиза Суюмбаева, 59 жашта. Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы. Кызматка 2010-жылы келген;
  5. Калысбек Шадыханов, 53 жашта. Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы. Кызматка 2011-жылы келген;
  6. Бактыбек Жекшенов, 59 жашта. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин статс-катчысы. Кызматка 2010-жылы келген;
  7. Максатбек Дыйканов, 55 жашта. Транспорт жана коммуникация министрлигинин статс-катчысы. Кызматка 2012-жылы келген;
  8. Таалайбек Темиралиев, 50 жашта. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы. Кызматка 2010-жылы келген;
  9. Данияр Сыдыков, 41 жашта. Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы. Кызматка 2015-жылы келген;
  10. Бакытбек Секимов, 55 жашта. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы. Кызматка 2016-жылы келген;
  11. Айбек Мамыралиев, 35 жашта. Өкмөткө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы. Кызматка 2013-жылы келген;
  12. Шерикул Султанов, 61 жашта. Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы. Кызматка 2013-жылы келген;
  13. Бахтияр Абдиев, 40 жашта. Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы. Кызматка 2012-жылы келген;
  14. Самат Бөрүбаев, 59 жашта. Өкмөткө караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы. Кызматка 2012-жылы келген;
  15. Санжар Икрамов, 53 жашта. Өкмөткө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер агенттигинин статс-катчысы. Кызматка 2013-жылы келген;
  16. Абдисамат Сагымбаев, 52 жашта. Өкмөткө караштуу мамлекеттик байланыш агенттигинин статс-катчысы. Кызматка 2011-жылы келген;
  17. Нуржан Бардинова, 44 жашта. Дене тарбия жана спорт агенттигинин статс-катчысы. Кызматка 2009-жылы келген;
Жогорку Кеңештин вице-спикери болуп шайланган Алтынай Өмүрбекова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин спикеринин орун басарлыгына Алтынай Өмүрбекова шайланды
Жапаркул Ташиев, 56 жашта. Өкмөткө караштуу Илим жана интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы. Кызмматка 2012-жылы келген;
  • Бактыбек Сагынбаев, 47 жашта. 2009-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин Мамлекеттик кадр кызматынын статс-катчысы болуп иштеп келет;
  • Сталбек Калмаков, 49 жашта. Жогорку соттун алдындагы сот департаментинин статс-катчысы. Кызматка 2014-жылы келген;
  • Нурбек Калматов, 43 жашта. Өкмөткө караштуу мамлекеттик мүлк башкаруу фондунун статс-катчысы. Кызматка 2011-жылы келген;
  • Абдухалык Шамшиев, 47 жашта. Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын статс-катчысы. Кызматка 2011-жылы келген;
  • Таалайбек Асылбеков, 39 жашта. Өкмөткө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын статс-катчысы. Кызматка 2012-жылы келген;
  • Болот Садыков, 60 жашта. Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын статс-катчысы. Кызматка 2010-жылы келген;
  • Жакып Карагул уулу, 39 жашта. Өкмөткө караштуу мамлекеттик салык кызматынын статс-катчысы. Кызматка 2014-жылы келген;
  • Эрмек Жакыпбеков, 36 жашта. Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын статс-катчысы. Кызматка 2012-жылы келген.
  • Белгилей кетсек, Айыл чарба министрлигине статс-катчы азырынча дайындала элек.

    (Статс-катчылардын тизмеси Мамлекеттик кадр кызматынын сайтынан алынды. Ал эми статс-катчылардын ыйгарым укутары тууралуу маалымат Юстиция министрлигинин сайтына жарыяланган өкмөттүн токтомунан алынды).

    Жаңылыктар түрмөгү
    0