Абийирди айрандай төккөн аудио-видео жазылмалар

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүКомпьютерде иштеп жаткан кыз. Архив
Компьютерде иштеп жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Интернет компроматтарды жайылтууга ыңгайлуу аянтча болуп калды. Анда саясатчылар менен мамлекеттик кызматкерлерге байланышкан аудио-видеолор жарыяланып келет.

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Интернет айдыңына саясатчылардын, коомдук активисттердин абийирин төккөн аудио-видео жазылмалардын чыгышы коомчулукта катуу талкууларды жараткан. 

Кулак кап жана телефон. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Оппозициянын сүйлөшүүсү" делген аудио УКМКнын колунда болуп келген
Андай окуя дагы кайталанды. Кечээ, интернет порталдардын биринде мурдагы депутат Кубанычбек Кадыров, Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Бектур Асанов жана Дуулатбек Асановдун региондордогу митингдерди талкуулап жаткан делген аудио жазылмасы таркады. Анда бийликти басып алуу пландары дагы айтылган. Бектур Асанов өз учурунда жазылманы "монтаж" деп айтты. 

Sputnik Кыргызстан буга чейин чыгып, ызы-чуу жараткан аудио-видео жазылмаларды эстеп көрдү.

2009-жыл. Андагы оппозиционер Өмүрбек Текебаевдин бейтааныш аял менен болгон жакын мамилесин чагылдырган видео интернетке тараган. Кийин, 2010-жылы праламенттик шайлоонун алдында видео кайрадан интернетке жайылып, коомчулук тарабынан катуу талкууга алынган. Ал эми саясатчынын ар кыл дебаттагы каршылаштары видео тууралуу эске салууну унутушкан жок. 

2010-жыл. Май айында Максим Бакиев менен Жаныш Бакиевдин "500 бала чогултуп Ак үйдү басып алуу керек" деген үн жазылмасы интернетке таркаган. Социалдык тармактардын айрым колдонуучулары аудио жазууну жасалма десе, айрымдары Бакиевдерди катуу сынга алышкан. 

2010-жыл. Ошол эле май айында глобалдык интернет желесине Темир Сариев менен Азимбек Бекназаровдун "сүйлөшкөн" аудиосу таркап кетти. Анда, убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү бир миллион доллар тууралуу сүйлөшүп жатканы жазылган. Кийин, Сариев аудио жазылма монтаж эмес экенин моюндап, бирок анда мыйзамсыз эч нерсе жок экенин айткан. Анын билдирүүсү боюнча, айтылган 1 миллион күч органдарына жумшалмак. 

Бектур Асанов. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Бектур Асанов: оппозиция бийликти басып алат деп тараган видео — монтаж
2012-жыл. WikiLeaks маалымат агенттиги сырдуу документтер топтомун чыгарган. Анын ичинде Кыргызстан тууралуу маалыматтар бар экени маалым болгон. Материалдар 2012-жылы кыргызчага которулуп, коомчулукка тараган. Анда, 2008-жылы Максим Бакиев өз атасы Курманбек Бакиевге ок чыгаргандыгы тууралуу айтылган. Жаңылык кыргыз коомчулугу арасында чоң резонансты жарата алган жок. Кыязы, 2010-жылдагы окуядан кийин мындай маалымат элди кызыктырбаса керек. 

2013-жыл. Сентябрь айында Соң-Көлдөгү курултайдын уюштуруучусу Эрланбек Өмүралиевдин оппозициянын пландары тууралуу айтып жаткан видеосу жарыяланган. Анда Нарын облусунун 85 жылдыгына карата уюштурулган балык уулоо сынагынын алдында, дарыяга цианид төгүү тууралуу айтылган. Видео ошол замат "юпи-гейт" деген аталышка ээ болгон. 

2013-жыл. Жыл аягында муфтий рахматулла ажы Эгембердиевдин бейтааныш аял менен болгон жакын мамилеси интернет булактарына тараган. Кийин, видеодогу аял өз жубайы экени маалым болуп, дин аалымы муфтияттан отставкага кетүүнү чечкен. 

2016-жыл. Февраль айында "Искра" гезитинин редактору Адилет Айтикеевдин интимдик видеосу таркады. Видео чоң резонансты жаратпаса дагы, социалдык тармактарда редактордун тарабына жаман-жакшы пикирлер айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0