СССР учурунда КР аймагына коңшу өлкө тарабынан салынган объектилер Кыргызстанга өтөт

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүЦемент завод. Архив
Цемент завод. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкүл учурда Өзбекстанда Кыргызстанга тиешелүү бир да объект жок экенин айтты.

БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. СССР учурунда Кыргызстандын аймагына коңшу мамлекет тарабынан салынган объектилер атайын келишимдин негизинде Кыргызстандын карамагына алынат. Бул тууралуу өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаров билдирди. 

Анын айтымында, бул келишимге коңшу мамлекеттин өлкө башчылары кол койгон.

Искандаров учурда Кыргызстандын аймагында жайгашкан башка мамлекеттин объектилерин аныктоо боюнча иштер жасалып жатканын белгиледи.

"Коңшу мамлекеттин башчылары кол койгон келишимге ылайык, СССР кулаганга чейин колдонулуп келген объектилер кайсы мамлекеттин аймагында болсо, ошол өлкөнүн карамагына өтөт. Ушул келишимдин негизинде учурда Өзбекстанда биздин бир дагы объект калган жок. Алар ушул келишимге ылайык бардык объектилерди өз карамагына алган", — деди ал.

Искандаров жогоруда сөз болгон келишимдин негизинде Кыргызстан айрым объектилерди өзүнө алуу иштерин баштаганын айтты.

"Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы төрт носостук станция — "Достук", "Маданият, "Октябрдын 50 жылдыгы" жана сол жээк Нарын каналын өзүбүзгө алдык", — деди ал.

Искандаров учурда коңшуларга суу берүү боюнча эч кандай чектөө жок экенин баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0