Президент: майда Тажикстан менен чек ара боюнча келишимге кол коюлат

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезидент Алмазбек Атамбаев журналисттер менен болгон жолугушусунда.
Президент Алмазбек Атамбаев журналисттер менен болгон жолугушусунда. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчы жакынкы жылдары кыргыз-тажик чек арасынын талаш аймагы боюнча маселе толугу менен чечилерин белгиледи.

БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен чек ара боюнча тил табыштык. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев журналисттер менен болгон жолугушууда билдирди.

Анын айтымында, майда мамлекеттик чек аранын талаш аймагынын жарымы боюнча келишимге кол коюлат.

"Тажикстан менен бул маселе жакшы өңүттө чечилүүдө. Жакынкы жылдары буга чекит коюлат деп турабыз. Президент Рахмон менен тил табыштык", — деди өлкө башчы.

Эскерте кетсек, Тажикстан менен Кыргызстандын жалпы чек арасынын узундугу 970,8 чакырым, анын 519у гана макулдашылып, калган 451 чакырымы дагы эле талаштуу бойдон калууда. 

Жаңылыктар түрмөгү
0