Токмок шаардык кеңешке болгон шайлоонун алдын ала жыйынтыгы чыкты

Жазылуу
Жергиликтүү кеңешке болгон шайлоодо 28 миң 499 шайлоочунун 17 миң 262си өз добуштарын берген.

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Токмок шаардык кеңешке болгон шайлоонун алдын ала жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүн Кыргызстандагы алты шаарда жана 22 айыл аймакта жергиликтүү кеңешке шайлоо болду.

Токмок шаарында 28 миң 499 шайлоочунун 17 миң 262си өз добуштарын берген. 

БШКнын алдын ала берген маалыматтары боюнча шайлоонун жыйынтыктары төмөндөгүдөй:

  • КСДП — 6 430 (37,07 пайыз);
  • "Кыргызстан" саясий партиясы — 3 505 (20,21 пайыз);
  • "АК" адилеттүүлүк жана өнүгүү партиясы — 2 063 (11,89 пайыз);
  • "Республика-Ата Журт" — 1 829 (10,54 пайыз);
  • "Бир бол" Мамлекеттик биримдик жана мекенчилдик саясий партиясы — 873 (5,03 пайыз);
  • "Ата Мекен" саясий социалистик партиясы — 866 (4,99 пайыз);
  • "Өнүгүү-прогресс" саясий партиясы — 837 (4,83 пайыз);
  • "Демократ" саясий партиясы — 447 (2,58 пайыз);
  • "Эмгек" —182 (1,05 пайыз);
  • "Эл Аман" саясий партиясы — 131 (0,76 пайыз);
  • "Замандаш" саясий партиясы — 99 (0,57 пайыз).

Шаардык кеңештеги 31 орунга 11 партия ат салышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0