Каракол шаардык кеңешке болгон шайлоонун болжолдуу жыйынтыгы чыкты

© Азамат АйтбаевКаракол шаарындагы №3131 шайлоо участогу
Каракол шаарындагы №3131 шайлоо участогу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаар боюнча 29,6 миң шайлоочунун 12 миң 544тү өз добуштарын берген. Шаардык кеңештеги 31 орун үчүн 13 партия ат салышты.

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Борбодук шайлоо комиссиясы Каракол шаардык кеңешке болгон шайлоонун алдын ала жыйынтыгын чыгарды.

Белгилей кетсек, бүгүн Кыргызстандагы алты шаарда жана 22 айыл аймакта жергиликтүү кеңешке шайлоо болду.

Шаар боюнча 29,6 миң шайлоочунун 12 миң 544тү өз добуштарын берген. Шаардык кеңештеги 31 орун үчүн 13 партия ат салышты. БШКнын алдын ала берген жыйынтыгы боюнча партиялардын алган добуштары төмөндөгүдөй:

 

  • "Табылга" саясий партиясы 3 629 (28,76 пайыз)
  • КСДП партиясы 1 780 (14,11 пайыз)
  • "Кыргызстан" саясий партиясы 1 304 (10,33 пайыз)
  • "Республика – Ата Журт" саясий партиясы 1 131 (8,96 пайыз)
  • "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясы 1 058 (8,38 пайыз)
  • "Улуу Кыргызстан" саясий партиясы 845 (6,7 пайыз)
  • "Ата мекен" саясий социалистик партиясы 817 (6,47 пайыз)
  • "Мекен ынтымагы" саясий партиясы 595 (4,72 пайыз)
  • "Эмгек" саясий партиясы 585 (4,64 пайыз)
  • "Аалам партиясыздардын партиясы" 311 (2,46 пайыз)
  • "Мурас" саясий партиясы 246 (1,95 пайыз)
  • "Бир бол" Мамлекеттик биримдик жана мекенчилдик саясий партиясы 171(1,36 пайыз)
  • "Кыргызстандын Жашылдар партиясы" саясий партиясы 72 (0,57 пайыз)

 

Мыйзам боюнча жети пайыздык босогону өткөн партияларга гана жергиликтүү кеңештен мандат берилет. Алар өз кезегинде жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн шайлашат.

Жаңылыктар түрмөгү
0