Депутат: КР өкмөтү Максим Бакиевге болгон доодон баш тартты

© пресс-служба ЦАРИИ КР / Медиабанкка өтүүМаксим Бакиев. Архив
Максим Бакиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын өкмөтү Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиеванын жазгандары боюнча атайын билдирүү даярдап жатат.

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Кыргызстандын өкмөтү Максим Бакиевге карата соттук доодон баш тартканын Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева өзүнүн Facebook соцтармагындагы баракчасына жазды.  

Сурабалдиева ЖК депутаттарынын делегациясы Улуу Британияга тажрыйба алмашуу үчүн барганын, анын жүрүшүндө Кыргызстандын Англиядагы элчилигинде дагы болгонун Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди. Ал жактан КР өкмөтү Максим Бакиевге болгон доодон баш тартканы тууралуу маалымат алган.

"Максим Бакиевди Кыргызстанга экстрадициялоо үчүн анын күнөөсүн эл аралык сотто далилдешибиз керек. Бакиевдин Кыргызстанда жасаган экономикалык кылмыштары боюнча экономикалык доонун мөөнөтү 2016-жылы 6-апрелде аяктайт. Биздин аткаминерлер аталган сот иши боюнча лондондук адвокаттардын кызматын төлөө үчүн каражаттын жоктугун айтышкан экен. Биз бюджеттен миллиардап уурдалган каражатты кайтаруу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарып жаткандыгыбызды белгилеп айткым келет", —деди Сурабалдиева.

Ал ошондой эле, бул маселени бейшемби күнү болгон "өкмөт саатында" көтөрүп чыгууга аракет кылганын кошумчалады.

"Биз премьер-министр менен Башкы прокуратуранын өкүлүнө суроо бердик, бирок жарытылуу жооп ала алган жокпуз. Өкмөт Максим Бакиев бул жакта соттолгонун жүйө келтиришти", — дейт эл өкүлү.

Сурабалдиева Максим Бакиев Улуу Британиядан качкын статусун алуу үчүн сурам жөнөткөнүн белгиледи.

"Эгер эч бир тараптан доо болбосо ал качкын статусун алышы ыктымал. Ал алпаспортту бат эле ала алат. Эгер Бакиев Улуу Британиянын жарандыгын алса, ага кине коюу биз үчүн абдан оор болот", — деди эл өкүлү. 

Ал эми өкмөттүн маалымат кызматы депутат айымдын жазгандары боюнча азыр атайын билдирүү даярдалып жатканын билдирди.

2013-жылы Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевди үч кылмыш иши боюнча күнөөлүү деп таап, үй мүлкүн камакка алуу менен сыртынан 25 жылга кескен.

Интерпол тарабынан изделген Кыргызстандын "абройлуу" кылмышкерлери
Ал КР Кылмыш жаза кодексинин 30чу (Кылмыш иштерине тийиштиги бар), 303чү (Коррупция) жана 306-беренеси (Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келген келишимдерди түзүү) боюнча айыпталган. Анын аракеттеринен Кыргызстандын бюджетине 250 миллион доллардай зыян келтирилген. 

Эки жыл мурда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту мурдагы президент Курманбек Бакиевди, уулу Максим Бакиевди, бир туугандары Жаныш менен Марат Бакиевдерди Улуу Британиянын жараны Шон Дэйлини өлтүрүүнү уюштурган деп тапкан. Бактыга жараша Дэйлинин өмүрүн дарыгерлер сактап калган. Максим өмүр бою абакка кесилген. 

2014-жылы октябрда Биринчи Май райондук соту Максим Бакиевди "АзияУниверсалБанкынан" каражаттарды чыгарып кетүү иштери боюнча экинчи жолу өмүр бою абакка кескен.

Учурда Максим Бакиев Лондондо жүрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0