Өкмөт Максим Бакиевге карата доодон баш тартпаганын билдирди

Жазылуу
Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева КР өкмөтү Улуу Британияда жүргөн Максим Бакиевди Кыргызстанга экстрадициялоо боюнча доодон баш тартканы тууралуу билдирген.

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. КР өкмөтү Максим Бакиевге карата доодон баш тартып жатат деген маалымат чындыкка коошпой турганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева КР өкмөтү Улуу Британияда жүргөн Максим Бакиевди Кыргызстанга экстрадициялоо боюнча доодон баш тартканы тууралуу билдирген.

КР өкмөтүнүн сот борборунун өкүлчүлүгү депутаттын билдирүүсү чындыкка дал келбей турганын маалымдайт.

"Кыргыз өкмөтү Максим Бакиевге карата доодон баш тарткан эмес, учурда доонун мөөнөтүн узартуу боюнча маселе каралып жатат", — деп маалымат кызмат өкүлчүлүккө шилтеме берүү менен билдирди.

Максим Бакиевди Кыргызстанга экстрадициялоо үчүн анын күнөөсүн эл аралык сотто далилдөө керек. Ошондо гана сот аны Кыргызстанга кайтаруу же кайтарбоо боюнча чечим кабыл алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0