Атамбаев кеңешмеде Россиядан аскер техникасын алып келүү маселесин талкуулады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев катышкан өлкөнүн Куралдуу күчтөрүн өнүктүрүү боюнча жыйында
Президент Алмазбек Атамбаев катышкан өлкөнүн Куралдуу күчтөрүн өнүктүрүү боюнча жыйында - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент күч түзүмдөрүнүн жетекчилерине өлкөнүн Куралдуу күчтөрдүн жөндөмүн арттырууну күчөтүү боюнча тапшырмаларды берди.

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев катышкан өлкөнүн Куралдуу күчтөрүн өнүктүрүү боюнча жыйында Россиядан заманбап аскер техникаларды, курал-жарактарды алып келүү талкууланды. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди.

Жыйында президентке Куралдуу күчтөрдү өнүктүрүү, өлкөнүн аскерий кубатын күчөтүү боюнча жасалып жаткан иштер, Кыргызстан аймагында кезектеги аскерий машыгууларга даярдык көрүү чаралары тууралуу маалымат берилген. 

"Атамбаев жана кеңешменин катышуучулары Россия менен аскерий-техникалык кызматташтыктын алкагында өлкөгө заманбап аскер техникасы менен курал-жарактарды алып келүү маселелерин талкуулашты", — деп билдирди маалымат кызматы.

Жыйында Атамбаев күч блокторунун жетекчилерине өлкөнүн Куралдуу күчтөрүн өнүктүрүү, коргоо жөндөмүн арттырууну күчөтүү боюнча тапшырмаларды берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0