Кубанычбек Жумалиев: аткаруучулар Сариевди "сууга аркандап" кетишти

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештеги "Бир бол" фракциясынан депутат Кубанычбек Жумалиев. Архив
Жогорку Кеңештеги Бир бол фракциясынан депутат Кубанычбек Жумалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин депутаттык комиссия Балыкчы – Корумду жолун реконструкциялоо боюнча өткөн тендер мыйзамды одоно бузуу менен өткөнүн билдирген.

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештеги "Бир бол" фракциясынан депутат Кубанычбек Жумалиев тендерди өткөргөндөр өкмөт башчыны "сууга аркандап" кеткенин Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Трасса Бишкек Иссык-Куль - Sputnik Кыргызстан
Президент Балыкчы — Корумду жолу боюнча комиссиянын тыянагын иликтөөнү УКМКга тапшырды
Балыкчы – Корумду жолун реконструкциялоо боюнча өткөн тендердин жыйынтыгын иликтеген депутаттык комиссия анда мыйзамдар одоно бузулганын маалымдады.

Транспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаев депутаттык комиссиянын бүгүнкү жыйынында Балыкчы — Корумду жолун реконструкциялоо боюнча өткөн тендерге өкмөт башчынын жакындары, транспорт министринин орун басары Улан Уезбаев жана кытайлык "Лонг Хай" компаниясынын өкүлдөрү менен сүйлөшүп алып тендердин жыйынтыгына таасир бергенин билдирген. Комиссиянын курамындагы айрым депутаттар премьердин күнөөсү бар экенин айтып, анын отставкасын талап кылышкан.

Жумалиевдин айтымында, тендердин өтүшүндө Темир Сариевдин күнөөсү жок. 

"Бул жерде тендер өткөргөндөр өкмөт башчыны алдап кетишти. Мыйзам боюнча бир компаниянын кызматын сатып алсак болмок. Бирок, талап кылынган лицензиясы жок Кытайдын компаниясы тендерге катышып утуп кетип жатат. Анын Кытайдан берилген лицензиясынын да мөөнөтү бүтүп калыптыр. Мындай компания тендерге кантип катышып калган?", — деп суроо салат эл өкүлү.

Ал эми "Республика — Ата-Журт" фракциясынан депутат Таабалды Тиллаев Кытайдын компаниясы тендерди уткандан кийин үчүнчү категориядагы лицензия алганын айтты.

"Мындай лицензия алган компания аң-чөнөктөрдү гана оңдой алат. Ага эл аралык жолдорду курууга уруксат берилбейт", — дейт ал.

Тиллаев тендерге катышкан түрк фирмасы 60 миллион сомго арзан бааны сунуштаганына карабай тендерден четтетилгенин белгиледи.

Ал ошондой Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу жол оңдоого ири көлөмдөгү акча — сегиз миллиард сомдун тегерегинде каражат каралып жатканын билдирди.

Эл өкүлү депутаттык комиссиянын жыйынында транспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаев бул тендерге катышпаганын айтты деп кошумчалады.

"Министр ошол күнү жумушта болгонума карабай, тендер мага маалымат берилбестен өткөн деп айтып жатат. Көзөмөлдү өкмөт министрликке эмес, өзүнүн бир бөлүмүнө жүктөп коюптур. Министр тендердин ушундай өтүшүнө жогорку кызмат адамдары, тагыраагы премьердин кызыкчылыгы болгонун айтууда", — деди депутат.

Тендердин өтүшүн иликтеген депутаттык комиссия акыркы чечимди ушул жума күнү кабыл ала турганын баса белгиледи.

Өкмөт Балыкчы — Тамчы — Чолпон-Ата — Корумду унаа жолунун курулушун текшерүү үчүн атайын комиссия түзгөн. Текшерүүнүн натыйжасында курулуш иштеринде бир катар мыйзам бузуулар аныкталган. Мындан улам аталган комиссия жолдун курулушуна жоопкер министрликтин жетекчилиги ээлеген кызматына ылайыктуулугун карап чыгууну сунуштаган.

Өкмөт башчы Темир Сариев атайын комиссиянын корутундусун эске алып, транспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаевдин кызмат ордунан кетирүү боюнча сунушту президентке жөнөттү. Бирок президенттин аппараты Транспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаевди кызматтан кетирүү боюнча сунушту артка кайтарды

Кылмыш иши папкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
УКМК: "Кыргызалтын" үчүн туура эмес алынган техника боюнча кылмыш иши козголду
Ошол эле учурда президент Балыкчы — Корумду жолун оңдоо боюнча өткөн тендерди иликтеген ведомстволор аралык комиссиянын корутундусун текшерүүнү УКМКнын Коррупцияга каршы кызматына тапшырды. Ошондой эле Малабаевдин министрдин орун басары Улан Уезбаевдин кытайдын "Лонг Хай" фирмасы жана премьер-министрдин жакындары менен жең ичинен сүйлөшүп алган деген билдирүүлөрүн да текшерип чыгууну табыштады.

Белгилей кетсек, Балыкчы — Тамчы — Чолпон-Ата — Корумду автожолун оңдоо боюнча жергиликтүү эки жана чет элдик эки компания арыз берген. Бул жолду оңдоо иштерине кеткен каражат респуликалык бюджеттен бөлүнөт.

2015-жылдын октябрь айындагы тендердин жыйынтыгы боюнча 6 миллиард 803 миллион 503,5 миң сом сунуштаган Кытайдын "Лонг Хай" компаниясы жеңүүчү деп табылган.

Тендерге катышкан компаниялар:

  • "Грант Старт" ЖЧКсы (анын ичине "Технотоп", "Мостдорстрой" "ЛТ Трейдинг Компани" ЖЧКлары кирген). 7 миллиард 328 миллион 499,8 миң сом сунуштаган.
  • "Сутранспромжилстрой" ЖЧКсы ("Токошев" ЖЧКсы менен бирге). 7 миллиард 951 миллион 135,3 миң сом сунуштаган.
  • Түркиянын Koçoğlu İnşaat sanayi tarım ve hayvancılık ticaret A.S. 6 миллиард 744 миллион 934,1 миң сом сунуштаган.
  • "Циндаоская корпорация дорог и мостов "Лонг Хай" ЖЧКсы 6 миллиард 803 миллион 503,5 миң сом сунуштаган.

Жолду оңдоо иштерине 8 миллиард 785 миллион 506,3 миң сомду чыгымдоо пландалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0