Премьер-министр Темир Сариев. Архив

Асанов: Сариев отставкага кеткен жок

386
(жаңыланган 11:55 08.04.2016)
Белгилей кетсек, айрым ЖМКлар Сариевдин отставкага кеткенин билдиришкен.

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Өкмөт башчы отставкага кеткен жок. Сариевди кызматтан кетет экен деген маалымат чындыкка дал келбей турганын премьер-министрдин маалымат катчысы Бакыт Асанов Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Ал айрым жалпыга маалымдоо каражаттарына "Темир Сариев кызматтан кетиптир" деген маалымат чындыкка коошпой турганын кошумчалады.

Өкмөттүн маалымат кызматынын жетекчиси Назира Ахмедова дагы ЖМКларга чыккан маалыматтар карандай калп экенин билдирди.

Эскерте кетсек, транспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаев депутаттык комиссиянын жыйынында Балыкчы — Корумду жолун реконструкциялоо боюнча өткөн тендерге өкмөт башчынын жакындары, транспорт министринин орун басары Улан Уезбаев жана кытайлык "Лонг Хай" компаниясынын өкүлдөрү менен сүйлөшүп алып тендердин жыйынтыгына таасир бергенин билдирген. Комиссиянын курамындагы айрым депутаттар премьердин күнөөсү бар экенин айтып, анын отставкасын талап кылышкан.

Өкмөт Балыкчы — Тамчы — Чолпон-Ата — Корумду унаа жолунун курулушун текшерүү үчүн атайын комиссия түзгөн. Текшерүүнүн натыйжасында курулуш иштеринде бир катар мыйзам бузуулар аныкталган. Мындан улам аталган комиссия жолдун курулушуна жоопкер министрликтин жетекчилигинин ээлеген кызматына ылайыктуулугун карап чыгууну сунуштаган.

Сариев атайын комиссиянын корутундусун эске алып, транспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаевди кызмат ордунан кетирүү боюнча сунушту президентке жөнөткөн. Бирок президенттин аппараты сунушту артка кайтарды.

386
Белгилер:
өкмөт, Бакыт Асанов, Темир Сариев
Тема:
Балыкчы – Корумду жолун реконструкциялоо боюнча өткөн тендер чыры (35)
Тема боюнча
Сариев Балыкчы — Корумду жолунун тендери боюнча билдирүү таратты
Кубанычбек Жумалиев: аткаруучулар Сариевди "сууга аркандап" кетишти