Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Улан Уезбаев. Архив

Уезбаев Балыкчы Корумду жолу боюнча өкмөт башчыга түшүнүк кат жазды

154
(жаңыланган 12:15 08.04.2016)
Транспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаевдин Балыкчы – Корумду автожолун оңдоо боюнча өткөн тендерде премьер-министрдин тийиштиги бар делген айыптоолорун министрдин орун басары Улан Уезбаев четке какты.

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Өкмөт башчы Темир Сариевге Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Улан Уезбаев Балыкчы — Чолпон-Ата — Корумду автожолунун айланасында тутанган жаңжал боюнча түшүнүк кат жазды.

Буга чейин Балыкчы — Корумду автожолун куруу боюнча өткөн тендердин мыйзамдуулугун иликтеген депутаттык комиссиянын айрым мүчөлөрү ага премьер-министрдин айланасындагылардын катыштыгы бар экенин айтып, өкмөт башчынын отставкасын талап кылышкан.

Тендердин өтүшүнө өкмөт башчынын жакындарынын тийиштиги бар экенин транспорт министри Аргынбек Малабаев депутаттык комиссиянын жыйынында билдирген. Ошондой эле тендерди өткөрүүдөгү калпыстыкка транспорт министринин орун басары Улан Уезбаевдин тийишти бар экенин кошумчалаган.

Уезбаевдин түшүнүк катынын урунттуу жерлерин сунуштайбыз.

Премьер-министр Темир Сариев. Архив
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Тамчы — Бостери автожолун куруу боюнча чараларды көрүү жөнүндө протокол 2015-жылы 25-сентябрда кабыл алынган. Ал протоколдун негизинде жана коммуникация министри Аргынбек Малабаевдин тапшырмасы менен Балыкчы — Чолпон-Ата — Корумду автожолун куруу долбоору даярдалган. Аны Жол чарбасы департаментинин аткаруучу директору өзү министр менен аталган долбоорду макулдашкан. Андан кийин документ 2015-жылы 6-октябрда өкмөттүн кароосуна чыгарылган. 13-октябрда регламентке ылайык кабыл алынган.

Ошондой эле Малабаевдин тендер өткөн учурда аны четтетип койгону жана тендерди билбегени чындыкка дал келбейт. Себеби министр ал учурда Бишкек шаарында болгон.

17-октябрда Транспорт жана коммуникация министрлигинин Жол чарбасы департаменти тендер жарыялап, 22-октябрда ал жыйынтыкталган. Анда төрт компания арыз бергени аныкталган.

Алар: 

  • "Грант Старт" ("Технотоп", "Мостдорстрой" жана "ЛТ Трейдинг Компани" ЖЧКларынын консорциуму) — 7 миллиард 328 миллион 500 миң сом сунуштаган.
  • "Сутранспромжилстрой" ("Токошев" ЖЧК консорциуму менен) — 7 миллиард 951 миллион 135,4 миң сом сунуштаган.
  • "Koçogluinşaat sanayi tarım ve hayvancilik ticaret A.S." — 6 миллиард 744 миллион 934,1 миң сом сунуштаган.
  • Циндаонун жол жана көпүрө корпорациясы "Лонг Хай" — 6 миллиард 803 миллион 503,5 миң сом сунуштаган.

Балыкчы — Тамчы — Чолпон-Ата — Корумду жолун оңдоо боюнча долбоордун алдын ала эсептелген баасы 9,3 миллиард сомду түзгөн. Берилген тапшырыктардын жыйынтыгы менен 6,8 миллиард сом сунуштаган тарап жеңүүчү деп табылган. Мында 2,5 миллиард сом үнөмдөлгөн.

Учурда өкмөт аталган долбоорду 180 миллион сомго каржылаган, бирок келишим боюнча тапшырык ээси аванс катары 680 миллион сом төгүшү керек. Ошол эле учурда подрядчы 517 миллион сомдун жумушун аткарган, анын ичинен өз каражатынан 337 миллион сом короткон.

Балыкчы — Тамчы — Чолпон-Ата — Корумду жолун оңдоо боюнча жүргөн сатып алууларда жергиликтүү компанияларга чектөөлөр киргизилген эмес. Квалификациялык комиссиянын лицензия талаптарында "Экинчи деңгээлдеги жоопкерчиликтүү лицензиясы болушу керек" деп жазылган. Ошондой эле конкурска катышып жаткан компания сатып алуулар өткөрүлүп жатканда Кыргызстанда берилген лицензияга ээ болушу керек деп белгиленген эмес. Кыргызстанда өткөн кандайдыр бир конкурска катышып жаткан чет элдик компания курулуш иштерин жүргүзүү үчүн Кыргызстан тарабынан берилчү лицензияны алууга кызыктар эмес, себеби, ал конкурстун жыйынтыгы кандай болорун билбейт. Конкурстан кийин гана компания Кыргызстандын лицензиясын алуу боюнча арыз берет.

"Лонг Хай" компаниясы 2003-жылдан 2029-жылга чейин биринчи категориядагы жол курууга берилген лицензиясын көрсөткөн. Лицензияны текшерүү учурунда анын 2013-жылдан кийин узартылбаганы аныкталган. "Лонг Хай" компаниясы лицензия жыл сайын узартылып турары тууралуу кошумча документтерди берип, анда 2013-жылдан тарта документти узартуу электрондук форматта өтөрү белгиленген. Бул тууралуу Кытайдын Шаньдунь провинциясынын курулуш өнөр жайынын расмий сайтында жарыяланган. Алар сайттагы маалыматтардын расмий котормосун да беришкен. 

Ошондой эле транспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаевдин тендерди уткан компанияларга премьер-министрдин тийиштиги бар деген айыптоолору чындыкка жатпайт. Тандоо учурунда эч кимге басым жасалган эмес. Министр керектүү болгон бардык маалыматтарды такай Жол чарбасы департаментинен алып турган.

Ушундай эле аракеттер Бишкек — Манас аэропорту жолун оңдоодо да жасалган. Учурда долбоор тийиштүү деңгээлде ишке ашырылууда. Андан сырткары, 2015-жылы өкмөт жергиликтүү деңгээлдеги автожолдорду оңдоо боюнча чечим кабыл алган. Буйрукка ылайык, түздөн түз келишим түзүү боюнча чечим кабыл алынган. Бирок, ага карабастан конкурс өткөрүлгөн.

154
Белгилер:
тендер, жол, Аргынбек Малабаев, Темир Сариев, Улан Уезбаев
Тема:
Балыкчы – Корумду жолун реконструкциялоо боюнча өткөн тендер чыры (36)
Тема боюнча
Сариев Балыкчы — Корумду жолунун тендери боюнча билдирүү таратты
Кубанычбек Жумалиев: аткаруучулар Сариевди "сууга аркандап" кетишти
АКШ президенти Жо Байден

Кыйынды кыртышы сүйбөгөн саясат

103
Мындай нерселерге мамлекет согуш алдында барат", – деп үстүртөн белгилей кетти РФ Тышкы чалгындоо кызматынын полковниги, Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтунун профессору Андрей Безруков теледеги талкуулардын биринде.

Кеп америкалык администрациянын чындап эле орчундуу акциясы жөнүндө. Быйыл февраль айында Кошмо Штаттардын жаңы администрациясы өтө маанилүү товарлар менен жабдуу чынжырчасынан өлкөлөрдүн көз карандылыгын иликтөөнү буюрган. Ушул изилдөөнүн жыйынтыгы тууралуу Дмитрий Косыревдун макаласы РИА Новости сайтында жарык көргөн.

Иликтөө Жо Байдендин Европага болгон сапарынын алдында аяктап туру. Иш сапардын алкагында ал РФ президенти Владимир Путин менен да кезигет. Женевада өтө турган бул жолугушуу АКШ багытынын дүйнөлүк аренада эбак бышып жетилген жана абдан олуттуу бурулушунун бир бөлүгү гана болмокчу. Бул тууралуу кеп алдыда болсун.

Ал эми бул изилдөөлөрдүн натыйжасында Американын өзүнүн кеминде эле үч тармакта көз карандылыгы аныкталды. Атап айтсак, дары-дармек, жарым өткөргүчтөр жана сейрек кездешүүчү металлдар (элементтер) менен жабдуу АКШнын талуу маселелеринен. Ар биринде Кытай, башкача айтканда, Кошмо Штаттардын дүйнөлүк аренада тең салмакташ бул державадан кооптуу көз карандылыгы жөнүндө сөз жүрөт.

Ал эми жакында экинчи акция старт алды. Инновациялар жана атаандаштык тууралуу мыйзам иштелип чыгып, АКШ сенатында каралды. Жакын арада күчүнө кирет. Мында баарынан оболу кеп ошол эле держава менен атаандаштык туурасында. Аталган мыйзам боюнча Американын экономикасынын Кытайдын алдында атаандаштык жөндөмүн арттырууга 250 миллиард доллар, тагыраагы, инновациялык иштелмелерди жана америкалык алдыңкы тармактарды колдоону тездетүүгө субсидия бөлүнүүдө. Анткен менен АКШ узак жылдар бою алдыңкы жана башка көптөгөн багыттарга кытайлык мамлекеттик колдоо көрсөтүлүшүнө жол берилбестигин түшүндүрүп келишкен. Алар Пекиндин "Кытайда жасалган – 2025" программасын натуура атаандаштыктын үлгүсү жана кастыктын дал өзү катары жарыялашкан. Кезегинде Пекин эрежелерден четтеп, оюнду чынчылдык менен жүргүзгөн жок деп айыпташкан эле. Эми болсо Кытайдын оюнунан майнап чыгып, глобалдык масштабда утушка ээ болуп турганда АКШ кылы кыйшайбастан аны туураганга белсенди.

Эксперттер демократтар администрациясы реиндустриализация демилгесин республикачылардан мураска алганын, мында кеп ондогон жылдарга эсептелген программалар жөнүндө экенин белгилешет. Лондондогу The Guardian басылмасынын баяндамачысы бул он жылдыктын аягында Кытай экономиканын көлөмү боюнча АКШны кууп жетерин жоромолдойт. Бул менен дүйнөлүк технологиялык лидерликке ээ болот (дал ушул нерсе Пентагондун түн уйкусун бузууда – ред.). АКШ үчүн лидерликти башкага алдыруу абдан кооптуу. Бири-бирине тыгыз байланышкан бул көрүнүштөрдөгү негизги түшүнүк — "технологиялар". Жылына өндүрүлгөн өндүрүмдөрдүн жалпы көлөмү, албетте, маанилүү, бирок пропагандалык планда гана... Ал эми технологиялык артыкчылык жаатында бул эки ири державанын бирдей макамы бирин азапка салат, ал эми Кытайдын дүйнөлүк технологиялык лидерликке көтөрүлүшү экинчиси үчүн азаптын азабы эмеспи. Жо Байдендин Европага сапары дал ушундай маанайда даярдалган. Жогоруда аталган лондондук гезиттеги макала да ушул дипломатиялык каршы чыгуунун бүт концепциясын так сүрөттөгөн. Байден Батыш лидерлери менен Улуу Британиядагы Корнуоллдо G7 саммитинин алкагында кезикти. Андан соң НАТО жана европалык түзүмдөр менен сүйлөшөт. Эң оболу дээрлик Кытай тууралуу гана кеп козголору болжонгон. Шектене караган европалыктарды Байден бул ирет экинчи кансыз согушка чакырууга ниеткер. Бул ирет Кытай менен... Союздаштары толук түрдө Кошмо Штаттар келтирген жүйөлөргө ынанабы? Татаал собол. Эгер кайра The Guardian басылмасына таянсак, анда атын атабаган дипломат "европалыктарга Кытайдын (тигил же бул кырдаалда) кадамдары жакпашы ыктымал, бирок америкалыктар дүйнөдө күч жагынан тең келген Кытайдын өзү, анын ар кай багыттагы кадамдарынын эч бирин кыртышы сүйбөстүгүн" айтып берген.

Женевадагы саммит бул жагынан алып караганда Байдендин Европага болгон сапарынан тыш. Москва менен эки тараптуу алакалар ал үчүн экинчи планда. Болду-болбоду америкалык президент алдыдагы он жылдыкта АКШ менен Кытайдын кансыз согушу боюнча Россиянын көз карашын билип, тамырын тартып көрөт. Албетте, Москванын Пекин менен тирешке макул болорун эч ким күтпөйт. Анткен менен Россия андай болжолдуу жагдайларда өзүн кандай алып жүрөрүн билип алуу Америкага пайдалуу.

Болбосо бири жеңилип, бири озуп бараткан эки күчтүү держава, бири экинчисине туруштук берүү далалатында. Экөө тең — экономикалык гиганттар жана технологиялык лидерлер, ошондуктан потенциалдуу пайдалуу өнөктөштөр. Бири Россияга эмнелерди гана жасабады, экинчиси андай жамандыктарга барган жок, ыңгайы келген жерден кызматташууну өрчүтүп келет. Мындайда Москванын кандай позициясын элестетүүгө болот?

103
Белгилер:
чалгындоо, Москва, Россия
Тема боюнча
Байден "Путиндин курьерине" айланып бара жатат. Кырдаалга сереп
Өз үйлөрүндөгүдөй. Түркиянын “жумшак күч” саясаты

Көргөндүн көзүн кубантып. Канайым Айгүл Жапарованын сапардагы сүрөттөрү

1452
(жаңыланган 16:57 12.06.2021)
  • Жетелешкен жубайлар. Мамлекет башчы Садыр Жапаров менен канайым Айгүл Жапарованын Түркияга барган алгачкы күнү
  • Делегациянын көркүн ачкан канайым
  • Түркия Садыр Жапаров жубайын ээрчитип барган алгачкы мамлекет болду
  • Жанаша баскан канайымдар. Жапарова кыргыздын салтын, кол өнөрчүлүгүн Түркия президенти Режеп Тайип Эрдогандын жубайына көрсөтүп, тааныштырып жатат
  • Эки мамлекеттин башчылары менен өкүлдөрү Анкара шаарында өткөн Чыңгыз Айтматов атындагы IV эл аралык Ысык-Көл форумунун жабылыш аземинде
  • Айгүл Жапарованын салттуу кийимине соцтармак колдонуучулары суктанып бүтө элек
  • Сайма түшүрүлгөн туш кийизге суктана караган Айгүл Жапарова менен Эмине Эрдоган
  • Жылмайган, кучакташкан канайымдар
  • Түркия президентинин Анкарадагы сарайы. Эрдоган Жапаровго жана канайымдарга панорамадан Түркиянын жаратылышын көрсөтүүдө
  • Айгүл Жапарова сапарга кыргыздын салттуу кийими болгон белдемчинин башкача түрүн кийип барган
  • Садыр Жапаровдун Түркияга болгон расмий иш сапарынын акыркы күнү
  • Жапаровдун Түркияга болгон иш сапары аяктаганы менен, соцтармакта жубайы менен бирге түшкөн сүрөттөрү талкууланып бүтө элек
Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Жапарова биринчи ирет жолдошун чет мамлекетке, тагыраагы, Түркияга болгон расмий иш сапарына коштоп барды.

Sputnik Кыргызстан агенттиги канайымдын сапардагы эл суктанган сүрөттөрүн тартуулайт.

Мамлекет башчы расмий иш сапары менен Түркиянын борбору Анкара шаарына 9-июнда барды. Өлкө башчыны Түркияга бир катар министрлер жана жубайы Айгүл Жапарова коштоп барган. Иш сапардын алкагында президент Түркиянын башчысы Режеп Тайип Эрдоган менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, мекендештер менен жолукту.

1452
  • Жетелешкен жубайлар. Мамлекет башчы Садыр Жапаров менен канайым Айгүл Жапарованын Түркияга барган алгачкы күнү
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

    Жетелешкен жубайлар. Мамлекет башчы Садыр Жапаров менен канайым Айгүл Жапарованын Түркияга барган алгачкы күнү

  • Делегациянын көркүн ачкан канайым
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

    Делегациянын көркүн ачкан канайым

  • Түркия Садыр Жапаров жубайын ээрчитип барган алгачкы мамлекет болду
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

    Түркия Садыр Жапаров жубайын ээрчитип барган алгачкы мамлекет болду

  • Жанаша баскан канайымдар. Жапарова кыргыздын салтын, кол өнөрчүлүгүн Түркия президенти Режеп Тайип Эрдогандын жубайына көрсөтүп, тааныштырып жатат
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

    Жанаша баскан канайымдар. Жапарова кыргыздын салтын, кол өнөрчүлүгүн Түркия президенти Режеп Тайип Эрдогандын жубайына көрсөтүп, тааныштырып жатат

  • Эки мамлекеттин башчылары менен өкүлдөрү Анкара шаарында өткөн Чыңгыз Айтматов атындагы IV эл аралык Ысык-Көл форумунун жабылыш аземинде
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

    Эки мамлекеттин башчылары менен өкүлдөрү Анкара шаарында өткөн Чыңгыз Айтматов атындагы IV эл аралык Ысык-Көл форумунун жабылыш аземинде

  • Айгүл Жапарованын салттуу кийимине соцтармак колдонуучулары суктанып бүтө элек
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

    Айгүл Жапарованын салттуу кийимине соцтармак колдонуучулары суктанып бүтө элек

  • Сайма түшүрүлгөн туш кийизге суктана караган Айгүл Жапарова менен Эмине Эрдоган
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

    Сайма түшүрүлгөн туш кийизге суктана караган Айгүл Жапарова менен Эмине Эрдоган

  • Жылмайган, кучакташкан канайымдар
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

    Жылмайган, кучакташкан канайымдар

  • Түркия президентинин Анкарадагы сарайы. Эрдоган Жапаровго жана канайымдарга панорамадан Түркиянын жаратылышын көрсөтүүдө
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

    Түркия президентинин Анкарадагы сарайы. Эрдоган Жапаровго жана канайымдарга панорамадан Түркиянын жаратылышын көрсөтүүдө

  • Айгүл Жапарова сапарга кыргыздын салттуу кийими болгон белдемчинин башкача түрүн кийип барган
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

    Айгүл Жапарова сапарга кыргыздын салттуу кийими болгон белдемчинин башкача түрүн кийип барган

  • Садыр Жапаровдун Түркияга болгон расмий иш сапарынын акыркы күнү
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

    Садыр Жапаровдун Түркияга болгон расмий иш сапарынын акыркы күнү

  • Жапаровдун Түркияга болгон иш сапары аяктаганы менен, соцтармакта жубайы менен бирге түшкөн сүрөттөрү талкууланып бүтө элек
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

    Жапаровдун Түркияга болгон иш сапары аяктаганы менен, соцтармакта жубайы менен бирге түшкөн сүрөттөрү талкууланып бүтө элек

Белгилер:
кийим, сүрөт, Түркия, Кыргызстан, Айгүл Жапарова, Садыр Жапаров
Тема:
Садыр Жапаровдун Түркияга расмий сапары
Тема боюнча
Панорамадан табиятка суктанып... Эрдогандын Жапаровду узаткан видеосу
Кучак толо гүл алган Айгүл Жапарова. Президенттин Анкарага барган видеосу
Кит. Архив

Кит жутуп алып кайра чыгарып салган балыкчынын азыркы кебетеси. Сүрөт

24
(жаңыланган 11:36 13.06.2021)
Океандын жээгинде лобстер уулап жүргөн балыкчыны кит жутуп алды. Адегенде ири толкун болгонун сезген киши андан кийин караңгынын кучагында калган.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. АКШда кит жутуп алган балыкчы аман калды. Бул тууралуу CBS Boston телеканалы жазып чыкты.

Шумдук окуяга Американын Провинстаун шаарынын тургуну Майкл Паккард кабылган. Ал Кейп-Код жарым аралында океанды жээктеп лобстер (деңиз рагы) уулап жүргөн.

Ага адегенде ири толкун болгону байкалган, анан эле караңгы болуп кеткен. Майкл адегенде акула жутуп алды деп ойлогон. Кийинчерээк киттин оозунда экенин билген. Жөн турбастан сүзүп, кыймылын уланткан. Бактысына алп жандык суунун бетине чыгып, оозундагыларын сыртка бүркүп, балыкчы океанга кулаган.

"Мен бошонуп, эркин болуп сүзүп кеттим. Өзүм да буга ишенген жокмун", — деген ал.

Жакын жердеги балыкчылар аны ооруканага жеткиришкен. Дарыгерлер Майклдын майда тамырлары гана жабыркаганын аныкташкан. Башка эч кандай олуттуу жаракат алган эмес, эч жери сынган да эмес.

Окумуштуулар мындай окуя сейрек кездешерин белгилешет. Алардын айтымында, кит демейде адамга коркунуч келтирбейт, болгону суудагы майда балыктар жана башка деңиз жандыктары менен тамактанып жатканда кишини да кокусунан жутуп алышы мүмкүн.

24
Белгилер:
АКШ, окуя, кит, океан, адам
Тема боюнча
Торго түшкөн акуланы сууга кое беришкен. Боорукер балыкчылардын видеосу