Депутаттык комиссия өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселесин парламентке алып чыгат

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутаттардын отургучу. Архив
Депутаттардын отургучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Комиссиянын мүчөсү, депутат Таабалды Тиллаев тендер боюнча депутаттар изилдеген жыйынтык документтерди УКМКга жөнөтүлөрүн айтты.

БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Балыкчы — Корумду жолун реконструкциялоо боюнча жарыяланган тендер чырын иликтөө боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия премьер-министр Темир Сариевге жана өкмөткө ишеним көрсөтпөө боюнча маселени парламенттин кароосуна алып чыгат. Бул туурасында аталган комиссия мүчөсү, "Республика — Ата-Журт" фракциясынан депутат Таабалды Тиллаев Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Турсунбеков Балыкчы — Корумду жолу боюнча: мындай кырдаалда өкмөт башчы кызматтан кетет
Өкмөт Балыкчы — Корумду жолунун курулушун иликтөө үчүн мекемелер аралык комиссия түзүп, ал курулуш иштеринде бир катар мыйзам бузууларды аныктап чыккан. Анын негизинде комиссия транспорт жана коммуникация министри Малабаевдин ээлеген кызматына ылайыктуулугун карап көрүүнү сунуштаган. Сариев министрди жумуштан алуу боюнча сунушту президентке киргизген. Бирок президенттин аппараты ал сунушту кайра артка кайтарган.

"Темир Сариевге жана өкмөткө ишеним көрсөтпөө боюнча маселени келерки жумада парламенттин кароосуна алып чыгабыз. Бул иште тендерди өткөрүү боюнча регламент бузулуп, ал Транспорт жана коммуникация министринин катышуусуз өткөрүлгөн. Бул мыйзамга туура келбейт", — деди Тиллаев.

Депутат мындан сырткары тендер боюнча депутаттар изилдеген жыйынтык документтерди УКМКга жөнөтүүнү пландап жаткандыгын айтты.

"Тендер өткөргөн иш боюнча депутаттык комиссиянын иликтеп чыккан материалдарын УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча кызматына сунуштайбыз",— деп кошумчалады. 

Сариев отставкага кетеби же жокпу. Депутаттар менен эксперттердин пикири
Учурда президенттин тапшырмасы менен УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы Малабаевдин айткандарын да, мекемелер аралык комиссиянын иликтөөсүнүн жыйынтыгын да текшерип жатат.

Транспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаев депутаттык комиссиянын жыйынында Балыкчы — Корумду жолун реконструкциялоо боюнча өткөн тендерге өкмөт башчынын жакындары, транспорт министринин орун басары Улан Уезбаев жана кытайлык "Лонг Хай" компаниясынын өкүлдөрү менен сүйлөшүп алып тендердин жыйынтыгына таасир бергенин билдирген. Комиссиянын курамындагы айрым депутаттар премьердин күнөөсү бар экенин айтып, анын отставкасын талап кылышкан.

Ал эми транспорт министринин орун басары Уезбаев министр Аргынбаевдин өкмөт башчысынын күнөөлөп жаткандыгы суу кечпейт деген. Компанияларды тандоого Сариев катышты деген кеп туура эмес деп билдирген.     

 

Жаңылыктар түрмөгү
0