Президент жаңы өкмөттү тез арада түзүүнү тапшырды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев фракция лидерлери менен жолугушууда
Президент Алмазбек Атамбаев фракция лидерлери менен жолугушууда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алмазбек Атамбаев бүгүн фракция лидерлери жана өкүлдөрү менен жолугуп, жаңы өкмөттү түзүү боюнча маселелерди талкуулады.

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңешке жаңы өкмөт курамын тез аранын ичинде түзүүнү тапшырды. Бул тууралуу өлкө башчы фракция лидерлери менен жолугушууда билдирди.

Эскерте кетсек, экс-премьер-министр Темир Сариев кечээ, 11-апрель күнү кызматтан кетерин билдирип, президент анын отставкасын кабыл алган. Мамлекет башчынын дагы бир жарлыгы менен кечээтен баштап өкмөт толугу менен отставкага кетип, жаңы курам түзүлгүчө премьер-министрлик, вице-премьерлик жана министрлик кызматты ээлеп тургандар милдет аткаруучу катары ишин улантат.

"Каатчылыкка жана жазгы талаа жумуштарынан улам тез убакытта жаңы өкмөт түзүү маселеси каралышы керек. Талап кылынса өкмөттүн түзүмү менен курамына кийин деле өзгөртүүлөрдү киргизип алууга болот", — деди Атамбаев.

Өлкө башчы менен жолугушууга КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков, "Кыргызстан" фракциясынын лидери Канат Исаев, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев жана "Ата Мекен" фракциясынын өкүлү Сайдулла Нышанов катышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0