Турсунбеков: өкмөттүн курамы азырынча өзгөрбөйт

© пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясынын башчысы Чыныбай Турсунбеков. Архив
Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясынын башчысы Чыныбай Турсунбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин өлкө башчы фракция лидерлери жана өкүлдөрү менен жолугуп, жаңы өкмөттү тез аранын ичинде түзүүнү тапшырган.

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Өкмөттүн курамы өзгөрбөйт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясынын башчысы Чыныбай Турсунбеков журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, учурда премьер-министрди шайлоо — башкы маселе. 

"Өкмөттүн курамы ошол боюнча калат. Азыр жазгы талаа жумуштары жүрүп жатат. Премьер-министрди шайлап алгандан кийин өкмөттүн курамын белгилүү бир убакыттын ичинде карайбыз. Президент да өкмөт башчыны тез арада шайлоо боюнча тапшырма берди", — деди Турсунбеков.

Эскерте кетсек, экс-премьер-министр Темир Сариев кечээ, 11-апрель күнү кызматтан кетерин билдирип, президент анын отставкасын кабыл алган. Мамлекет башчынын дагы бир Жарлыгы менен кечээтен баштап өкмөт толугу менен отставкага кетип, жаңы курам түзүлгүчө премьер-министрлик, вице-премьерлик жана министрлик кызматты ээлеп тургандар милдет аткаруучу катары ишин улантат.

Сариевдин премьерлиги эмнеси менен эсте калды: демилгелер, ийгиликтер жана "бармак тиштеген" учурларын Sputnik Кыргызстан агенттигинин инфографикасынан көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0