Көпчүлүк коалициядагы төрт фракция тең премьерликке Жээнбековдун талапкерлигин колдоду

© Фото / Айша КамиловаПремьер-министрлик кызматка көрсөтүлүп жаткан Сооронбай Жээнбеков. Архив
Премьер-министрлик кызматка көрсөтүлүп жаткан Сооронбай Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Сооронбай Жээнбеков өкмөт башчылыкка көрсөтүлүп жаткандыктан, анын иниси, төрага Асылбек Жээнбеков арызын жазып кызматтан кете турганы кабарланган.

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. "Ата Мекен" фракциясы премьер-министрлик кызматка көрсөтүлүп жаткан Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдоду. Мындай чечимди фракция жабык эшик артында өткөн жыйынында кабыл алды.

Белгилей кетсек, Темир Сариев премьерликтен кеткенден кийин анын орду бош калган. Президент жана ЖКдагы көпчүлүк коалиция өкмөт башчылыкка талапкер сунуштоо укугун КСДПга берген. 

Сооронбай Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сооронбай Жээнбеков: премьерлик кызмат түшүмө да кирген эмес
Буга чейин КСДП фракциясы көрсөткөн Жээнбековдун талапкерлигин "Кыргызстан", "Өнүгүү-Прогресс" фракциялары колдоп беришкен.

Учурда Сооронбай Жээнбеков президенттин аппарат башчысынын биринчи орун басарлыгын аркалайт. Ага чейин Мамлекеттик кадр кызматын жетектеп, андан мурда өкмөттүн Оштогу ыйгарымдуу өкүлү болуп келген. Анын иниси Асылбек Жээнбеков — учурда Жогорку Кеңештин төрагасы. 

Мындан улам "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев Сооронбай Жээнбеков өкмөт башчылыкка көрсөтүлүп жаткандыктан, анын иниси, төрага Асылбек Жээнбеков арызын жазып кызматтан кете турганын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0