"Бир Бол" фракциясы Жээнбековдун талапкерлигин жыйынсыз эле колдоду

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезиденттин аппарат жетекчисинин орун басары Сооронбай Жээнбеков. Архив
Президенттин аппарат жетекчисинин орун басары Сооронбай Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьер-министрлик кызматка Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин алты фракция тең колдоп берди. Өкмөт башчылык кызмат Темир Сариевдин отставкасынан кийин бош калган.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. "Бир Бол" оппозициялык фракциясы премьер-министрликке көрсөтүлүп жаткан Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдоп берди. Бул тууралуу аталган фракциянын өкүлү Жаныбек Бакчиев билдирди.

Анын айтымында, фракциянын айрым депутаттары чет өлкөдө иш сапар менен жүргөндүктөн, талапкердин маселеси боюнча жыйын чогулган жок.

"Сурамжылоо жүргүзүлүп, натыйжада Жээнбековдун талапкерлиги колдоого алынды", — деди Бакчиев.

Транспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Депутат: жаңы өкмөт түзүмүнөн транспорт министри гана кетет, калгандары калат
Буга чейин аталган талапкерди көпчүлүк коалиция жана "Республика — Ата-Журт" фракциясы колдоп берген.

Эскерте кетсек, Балыкчы — Корумду унаа жолунун реконструкциялоо боюнча тендердин айланасындагы жаңжалдан улам дүйшөмбү күнү Темир Сариев отставкага кеткен.

Сооронбай Жээнбеков учурда президенттин аппарат жетекчисинин орун басары болуп иштеп келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0