Жээнбеков: мен ар кимдин жүгүн көтөрбөйм, талап катуу болот

© Sputnik / Табылды КадырбековПремьер-министрликке талапкер Сооронбай Жээнбеков
Премьер-министрликке талапкер Сооронбай Жээнбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутат Рыскелди Момбеков министрлердин арасында илең-салаң иштеп жүргөндөр бар экенин айтып, акырындык менен алардан арылууну сунуштады.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Премьер-министрликке талапкер Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин жыйынында ар бир министрдин жүгүн көтөрө албай тургандыгын, ар ким өз жүгүн өзү көтөрө тургандай талап коерун айтты. 

Жогорку Кеңештин жыйынында Сооронбай Жээнбековдун премьер-министрликке талапкерлиги, министрлер кабинетинин түзүм долбоору жана жаңы өкмөттүн программасы каралып жатат.

Жыйындын жүрүшүндө депутат Рыскелди Момбеков премьер-министрликке талапкер Сооронбай Жээнбековго суроо узатты. 

"Темир Сариев министрлер кабинетинин ишине өзү толук жооп берерин айткан. Тендер боюнча ызы-чуу чыкканда ал сөзүнө туруп, кызматын тапшырды. Сиз дагы ошондой жоопкерчилик аласызбы", — деди Момбеков.

Сооронбай Жээнбеков өз учурунда ар бир министрдин жүгүн көтөрбөй тургандыгын айтып, ар ким өзүнүн ишине өзү жооп бере тургандай талап коюларын билдирди. 

Ал эми депутат Момбеков министрлердин арасында илең-салаң иштеп жүргөндөр бар экенин айтып, акырындык менен алардан арылууну сунуштады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0