Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болуп шайланды

Жазылуу
Жыйындын жүрүшүндө өкмөттүн программасы — 113, түзүмү жана курамы —115 добуш менен колдоо тапты.

БИШКЕК, 13-апр. —Sputnik. Жогорку Кеңеш Сооронбай Жээнбековдун премьер-министрликке талапкерлигин колдоп берди. 

ЖК жыйынында Жээнбековдун премьер-министрликке талапкерлиги, министрлер кабинетинин түзүм долбоору жана жаңы өкмөттүн программасы каралды.

Жыйындын жүрүшүндө өкмөттүн программасы —113, түзүмү жана курамы—115 добуш менен колдоо тапты.

Жогорку Кеңеш тарабынан 2016-жылдын 13-апрелинде бекитилген өкмөттүн курамын Sputnik Кыргызстандын инфографикасынан көрө аласыздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0