Президент Сооронбай Жээнбековду премьер-министрликке дайындады

Жазылуу
Бүгүн Жогорку Кеңеш өкмөт башчылыкка Жээнбековдун талапкерлигин жана ал сунуштаган өкмөттүн курамын колдоп берген.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Сооронбай Жээнбековду премьер-министрлик кызматка дайындоо боюнча буйрукка кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Премьер-министрликке талапкер Сооронбай Жээнбеков - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков: мен ар кимдин жүгүн көтөрбөйм, талап катуу болот
Мамлекет башчынын дагы бир буйругу менен Жээнбеков президенттин аппарат жетекчисинин биринчи орун басарлыгынан бошотулду.

Бүгүн Жогорку Кеңеш өкмөт башчылыкка Жээнбековдун талапкерлигин жана ал сунуштаган өкмөттүн курамын колдоп берген.

Эскерте кетсек, буга чейинки премьер-министр Темир Сариев Балыкчы — Корумду унаа жолунун тендери боюнча жаңжалдан улам кызматынан кетүүгө аргасыз болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0