БАЭ менен Кыргызстан экономикалык кызматташууну талкуулады

© пресс-служба МИД КРБАЭнин тышкы иштер министринин орун басары ханзада Турки бин Мухаммед бин Сауд аль Кабийр аль Сауд менен КРдин тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин жолугушуусунда
БАЭнин тышкы иштер министринин орун басары ханзада Турки бин Мухаммед бин Сауд аль Кабийр аль Сауд менен КРдин тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин жолугушуусунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолугушууда буга чейин президент Атамбаевдин аталган өлкөгө болгон иш сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселелери талкууланды.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Бириккен Араб Эмирлиги (БАЭ) менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелер жакшырат. Бул тууралуу БАЭнин тышкы иштер министринин орун басары ханзада Турки бин Мухаммед бин Сауд аль Кабийр аль Сауд менен КРдин тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин жолугушуусунда айтылды. 

Абдылдаев ханзада менен Стамбул шаарында өткөн Ислам кызматташтык уюмунун 13-Саммитинде жолукту. 

Анда 2014-жылы президент Алмазбек Атамбаевдин эмирликке болгон иш-сапарындагы макулдашууларды ишке ашыруу жолдору сүйлөшүлүп, эки өлкөнүн экономикалык кызматташуусу талкууланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0