Нурханбек Момуналиев Мамлекеттик кадр кызматынын жетектеди

Жазылуу
Жаңы жетекчи буга чейин өкмөттүн аппаратын башкарып турган.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Өкмөттүн аппаратынын мурдагы жетекчиси Нурханбек Момуналиев Мамлекеттик кадр кызматын жетектей турган болду. Бул туурасында президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Бул боюнча Жарлыкка президент бүгүн Алмазбек Атамбаев кол койду.

Ал эми өкмөттүн аппаратын жетектөөгө кечээ, атайын Жарлык менен Улуттук Статистика комитетинин мурдагы төрагасы Акылбек Осмоналиев дайындалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0