Атамбаев каржы министрине социалдык милдеттемелерди так аткарууну тапшырды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев каржы министри Адылбек Касымалиев менен жолугушуу учурунда
Президент Алмазбек Атамбаев каржы министри Адылбек Касымалиев менен жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Касымалиев президентке бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү боюнча министрлик тарабынан жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев каржы министри Адылбек Касымалиевге социалдык милдеттемелерди так аткарууну тапшырды. Бул тууралуу мамлекет башчы министрди кабыл алып жатып билдиргенин президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Кол саат тагынган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жаңы дайындалган министрлердин бай-кедейи ким?
Жолугушууда республикалык бюджеттин аткарылышы жана бюджет саясатынын негизги багыттары талкууланды. 

Касымалиев президентке бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү боюнча министрлик тарабынан жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Президент социалдык милдеттемелерди каржылоо өз убагында жүргүзүлүшү керектигин айтып, иш бюджеттик саясаттын негизги багыттарына таянуу менен жүргүзүлүшү керектигин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0