Транспорт министринин орун басары Улан Уезбаев ээрден шыпырылды

© Фото / пресс-служба минтранс КРТранспорт жана коммуникация министринин орун басары Улан Уезбаев. Архив
Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Улан Уезбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Уезбаев Балыкчы — Корумду унаа жолунун реконструкциясына байланышкан ызы-чууга тиешеси бар экени айтылган.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Улан Уезбаев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков вице-премьерлер менен жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт башчы: министрлер кайсы партияга таандык экенине карабайм
Тийиштүү буйрукка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн кол койду.

Эскерте кетсек, Балыкчы — Корумду унаа жолунун реконструкциясына байланышкан ызы-чууга Уезбаевдин тиешеси бар экенин мурунку министр Аргынбек Малабаев депутаттык комиссиянын жыйынында билдирген. Ага ылайык, экс-министр орун басарын мурунку өкмөт башчы Темир Сариевдин айланасындагылар менен бир компаниянын кызыкчылыгын көздөгөн деп айыптаган. Мында Уезбаевге Малабаев жокто тийиштүү келишимдерге кол койгон деген кине коюлган.

Жаңылыктар түрмөгү
0