"Республика — Ата-Журт" Турсунбековдун талапкерлигин ЖК төрагалыгына колдоду

© пресс-служба ЖК КРДепутат Чыныбай Турсунбеков. Архив
Депутат Чыныбай Турсунбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алар КСДП парламентте эң чоң фракция болгонуна байланыштуу Чыныбай Турсунбековдун талапкерлигине токтолгондугун айтышты

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. "Республика — Ата-Журт" фракциясы Жогорку Кеңештин төрагалыгына Чыныбай Турсунбековдун талапкерлигин колдоого алганын фракциянын маалымат кызматы билдирди.

Малыматта айтылгандай, "Республика — Ата-Журт" фракциясынын бардык мүчөлөрү бир добуш менен Турсунбековдун талапкерлигин колдогон.

"Республика — Ата-Журт" бардык парламенттик фракцияларды Жогорку Кеңештин төрагалыгына Чыныбай Турсунбековдун талапкерлигин колдоп берүүгө чакырат", — деп айтылат маалыматта.

КСДП фракциясы парламентте эң чоң фракция болгонуна байланыштуу Чыныбай Турсунбековдун талапкерлигине токтолууга түрткү болгону маалыматта белгиленген.

Жаңылыктар түрмөгү
0