Акыйкатчы: Азимжан Аскаровдун иши боюнча соттун чечимин кайра кароо керек

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын акыйкатчысы Кубат Оторбаев. Архив
Кыргызстандын акыйкатчысы Кубат Оторбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин БУУ комитети Азимжан Аскаровду бошотуу талабын койгон. Ал эми акыйкатчы БУУнун чечими Аскаровдун ишин кайра карап чыгууга негиз болушу керек деген пикирде.

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Кыргызстандын акыйкатчысы Кубат Оторбаев БУУ комитетинин Азимжан Аскаровду бошотуу боюнча чечими анын ишин кайра карап чыгууга негиз болуусу керектигин жар салды. Бул тууралуу акыйкатчынын маалымат кызматы билдирет.

Өмүр бою түрмөгө кесилген Азимжан Аскаров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Азимжан Аскаров деген ким?
Эске сала кетсек, 21-апрель күнү Бириккен улуттар уюмунун адам укуктары боюнча комитетинин эксперттери улут аралык мамилелерди козуткан деген айып менен эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровду бошотуу жана аны күнөөлүү деп тапкан чечимди жокко чыгарууну талап кылган докладын жарыялаган. 

Акыйкатчы Кыргызстан Атуулдук жана саясий укуктар жөнүндө Эл аралык пактыга мүчө болуп киргенин, андыктан аталган нормада каралган адам укуктары жана эркиндиктери сакталышы керектигин айтат. Ал эми бул нормаларды БУУнун адам укуктары боюнча комитети көзөлгө аларын кошумчалайт. 

"Конституциянын алтынчы беренесине ылайык, Кыргызстан эл аралык келишимдерге киргенден кийин андагы эрежелерди сактоосу керек. Мындан сырткары, баш мыйзамдагы 41-беренеге ылайык, эгерде Кыргызстанда адам укугу бузулса, анда ал эл аралык укук коргоочу уюмдарга кайрыла алат. Эгерде эл аралык укук коргоочу уюмдар кайрылган адамдын укугу бузулганын тааныса, Кыргызстан бузулган укукту калыбына келтирүүсү керек", — дейт акыйкатчы. 

Оторбаев КРдин Кылмыш жаза процессуалдык кодексинин 384-беренесине ылайык, эгерде эл аралык уюмдар тарабынан адам укугу бузулганы аныкталса, кылмыш ишин кайрадан карап чыгууга түрткү болорун кошумчалайт.

"Жогорудагы нормаларга ылайык БУУнун Азимжан Аскаров боюнча доклады анын ишин кайрадан карап чыгууга негиз болуусу керек. Бирок, ошол эле учурда БУУнун чечими Аскаров күнөөлүү эмес дегенди түшүндүрбөйт", — дейт Оторбаев. 

БУУнун желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эксперттер: БУУнун комитети Кыргызстанды кылмыш жасоого түртүп жатат
Кыргызстандын жараны Азимжан Аскаров сот органдары тарабынан улут аралык араздашууну тутандырганы, массалык башаламандыктарды уюштургандыгы, ошондой эле 2010-жылдын июнь айындагы кайгылуу окуялар учурунда укук коргоо органында иштеген кызматкерди ырайымсыз түрдɵ ɵлтүрүүгɵ катыштыгы үчүн соттолгон. Куралсыз 13 милиция кызматкери нааразы болгон топко түшүндүрүү иштерин жүргүзүп баштаганда, ал топ тартип коргоо органдарынын өкүлдөрүн аёосуз сабап, ал эми аймактык милиционер Сулаймановду өлтүрүп, өрттөп жиберишкен. 

Июль айында (2015-жылы) АКШнын мамлекеттик департаменти тарабынан Азимжан Аскаровго "Адам укугунун коргоочусу" сыйлыгынын ыйгарылышы Кыргызстанда нааразычылыкты жараткан.

Ага жооп иретинде Кыргызстан АКШ менен 1993-жылдын 19-майында кол коюлган кɵмɵк кɵрсɵтүүнү жеңилдетүү боюнча кызматташуу келишимин бир тараптуу жокко чыгарган.

Жаңылыктар түрмөгү
0