"Өнүгүү-Прогресс" фракциясы спикерликке Исхак Масалиевди көрсөттү

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Исхак Масалиев. Архив
Депутат Исхак Масалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эскерте кетсек, буга чейин КСДП фракциясы Чыныбай Турсунбековду алып чыгып, анын талапкерлигин тармактык комитет жактырган.

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы Жогорку Кеңештин төрагалыгына Исхак Масалиевдин талапкерлигин көрсөтөт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган фракциянын лидери Бакыт Төрөбаев билдирди.

Анын айтымында фракция, Масалиевдин талапкерлигин спикер шайлоо маалында атаандаштык өкүм сүрүүсү үчүн алып чыгып жатат. 

Эскерте кетсек, буга чейин КСДП фракциясы Чыныбай Турсунбековду алып чыгып, анын талапкерлигин "Республика — Ата-Журт" фракциясы да жактырган. Ал эми "Ата Мекен" КСДП кимди көрсөтсө ошол адамдын талапкерлигин колдой турганын билдирген.

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети Турсунбековдун талапкерлигин жактырып, аны парламенттин кароосуна алып чыгуу чечимин кабыл алган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0