Депутаттар Балыкчы — Корумду чыры боюнча Сариев менен Малабаевди чакырмай болушту

© Sputnik / Табылды КадырбековЭкс премьер-министр Темир Сариев. Архив
Экс премьер-министр Темир Сариев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган жол Ысык-Көлдө өтө турган Көчмөндөр оюндарына чейин бүткөрүлүшү керек. Учурда жолду кытайлык "Лонг Хай" компаниясы куруп жатат.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңеш Балыкчы — Корумду жолу боюнча маселени кийинки аптада карайт. Бул тууралуу парламенттин күн тартибин бекитүү учурунда белгилүү болду. 

Мындай сунушту төрага Чыныбай Турсунбеков киргизди. 

"Маселени тыкыр иликтөө үчүн аты аталып жүргөн экс-премьер-министр Темир Сариев, мурунку транспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаев жана анын мурунку орун басары Улан Уезбаевдерди чакырып тактап сурайлы. Парламентте жооп берсин. Аларды бул жакка алып келүү милдети өкмөткө тапшырылсын", — деди Турсунбеков.

Спикердин бул сунушу депутаттардан колдоо таап, маселе кийинки аптада каралмай болду. 

Эскерте кетсек, ЖКнын кечээ күнкү отурумунда Балыкчы — Корумду жолу боюнча маселе каралып, УКМК өкүлү, транспорт жана коммуникация министри Замирбек Айдаров, каржы министри Адылбек Касымалив депутаттардын суроолоруна жооп беришти.

Анда депутат Акылбек Жапаров тендерди утуп алган "Лонг Хай" компаниясы менен келишимди мөөнөтсүз токтотуу эмнеге алып келерине кызыкты.

Жээнбеков Балыкчы — Корумду жолун көрдү. Курулуш ишин кытайлык компания улантып жатат
Транспорт жана коммуникация министри Замирбек Айдаров мындай кадамга баруу менен өлкө 2,5 миллиард сом чыгымга учурай турганын айтты. Мындан сырткары, жолду экинчи Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна чейин бүтүрүү үчүн 2 миллиард 750 миллион сом керектигин кошумчалады. Муну менен бирге жолду 1-августка чейин бүтүрүү үчүн келишим бир айга узартылышы мүмкүндүгүн белгиледи.

Өз кезегинде Жапаров кайдан болсо да каражат таап, жолду бүтүрүү зарылдыгын айтты. 

Эл өкүлү Жанар Акаев мурунку өкмөт башчы Темир Сариев ушул чырдын арты менен кызматтан кеткенин айтып, УКМК анын аталган ишке тиешесинин бар-жогун аныктаганын сурады. 

Буга УКМК өкүлү учурда тергөө амалдары жүрүп жатканын, Сариевдин күнөөсүнүн бар-жогун азыр айтуу эрте экенин билдирди. 

Эскерте кетсек, Балыкчы — Корумду унаа жолунун тендери боюнча чыр чыгып, анын айынан Темир Сариев премьер-министрлик кызматтан кеткен. Мында мурунку өкмөт башчынын айланасындагылар тендерде аталган компаниянын кызыкчылыгын көздөгөн деп айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0