Текебаев: КСДПнын лидери тандалары менен көпчүлүк коалициясынын жетекчиси аныкталат

© Фото / пресс-служба ЖК КР"Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев. Архив
Ата Мекен фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган фракциянын лидери болуп калышы мүмкүн делген Иса Өмүркулов маселе фракциянын кезектеги жыйынында караларын айткан.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Көпчүлүк коалициясын кимдин жетектей турганы КСДП фракциясы лидерин тандагандан кийин чечилет. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев билдирди. 

Анын айтымында, азыр көпчүлүк коалициясынын лидерин так кесе көрсөтүү мүмкүн эмес. 

"Маселе КСДП фракциясынын лидери аныкталгандан кийин көпчүлүк коалициясынын жыйынында каралат. Тандоонун жыйынтыгы ар кыл болушу мүмкүн", — дейт Текебаев. 

Депутаттар Балыкчы — Корумду чыры боюнча Сариев менен Малабаевди чакырмай болушту
Ал эми буга чейин КСДП фракциясынын лидери болуп калышы мүмкүн делген Иса Өмүркулов маселе фракциянын кезектеги жыйынында караларын айткан

Аталган фракция учурда жыйынын баштады. Буга чейин КСДП катчылыгы лидерди тандоо маселеси биринчи болуп талкууга алынарын белгилеген. 

Эскерте кетсек, КСДП фракциясы жана көпчүлүк коалициясынын мурунку лидери Чыныбай Турсунбеков депутаттардын көпчүлүк добушу менен кечээ, 27-апрель күнү Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0