Иса Өмүркулов КСДП фракциясынын лидери болду

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркулов. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркулов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейинки лидер Чыныбай Турсунбеков кечээ Жогорку Кеңештин спикери болуп шайланган.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Иса Өмүркулов КСДП фракциясынын лидери болуп шайланганын депутат Жанар Акаев өзүнүн Тwitter баракчасына жазды.

Бул маалыматты КСДПнын катчылыгы да тастыктап, Өмүркуловдун талапкерлиги кезексиз жыйында бир добуштан колдоого алынганын кошумчалады.

Маалыматта көпчүлүк коалициянын лидери ким болору чечиле электиги айтылат.

Эскерте кетсек, фракциянын буга чейин лидери жана көпчүлүк коалициясынын башчысы Чыныбай Турсунбеков кечээ, 27-апрель күнү депутаттардын көпчүлүк добушу менен Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0