Эртең Коргоо кеңеши чек ара коопсуздугу жана жаза аткаруу системасын карайт

© Sputnik / Егор Еремов / Медиабанкка өтүүЧек ара кызматкерлери. Архив
Чек ара кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коргоо кеңеши жабык эшик артында өтөт.

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Эртең президент Алмазбек Атамбаевдин жетекчилиги менен Коргоо кеңеши өтүп, анда чек ара коопсуздугун бекемдөө жана кылмыш жаза аткаруу системасына байланышкан маселелер каралат. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

"Отурум жабык эшик артында өтөт",— деп кабарлады маалымат кызматы. 

Анын жыйынтыгы боюнча Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров журналисттерге маалымат бермекчи.

Жаңылыктар түрмөгү
0