Депутат Лунара Мамытова өз ыктыяры менен мандатын тапшырды

Жазылуу
Буга чейин журналист болуп иштеп келген айым Жогорку Кеңешке "Бир бол" фракциясынан депутат болуп келген.

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Эл өкүлү Лунара Мамытова өз ыктыяры менен мандатын тапшырды.

Бул тууралуу ал Facebook баракчасына жазып чыкты.

"Бүгүн өз каалоом менен депутаттык кызматтан кетүү туурасында арызымды жаздым. Мен үчүн адам бойдон калуу — башкы максат! Кресло үчүн өлбөйм! Кыргызстаныбыздын саясий чөйрөсүндө аз убакыт болсом да, саясаттын чыныгы жүзүн биле алдым. Депутаттык ишмердигимде саясатчылардан көңүлүм калган учурлар болду. Саясатта бул кадимки көрүнүш. Албетте саясий чөйрөдө мен сыймыктанган адамдар бар", — деп жазды Мамытова.

Анын айтымында, бул кадам саясаттагы кадимки көрүнүштөрдүн бири.

Депутат Садык Шер-Нияз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Садык Шер-Нияздын кер какшыгы: баарыбыз Facebook менен эле иштебейлиби
"Депутаттык ишмердигимде ийгиликтер да болду. Фракция лидерине ыраазычылык билдирем. Буюрса ийгиликтер алдыда", — дейт эл өкүлү. 

Лунара Мамытова 1985-жылы 28-февралда Фрунзе шаарында туулган. 2006-жылы Ош мамлекеттик университетинин тарых факультетин, 2009-жылы юридикалык факультетин бүтүргөн.

Буга чейин КТРКнын "Ала-Тоо" жаңылыктарынын алып баруучусу, программалардын редактору болуп иштеген. Ал "Бир бол" партиясынан депутат болуп келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0